Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Борбор Азия
дүйшөмбү 1 Июль 2024
Калкынын дээрлик үчтөн экиси элетте жашаган Кыргызстанда акыркы жылдары шаарлашуу агымы күчөдү. Өзгөчө баш калаа Бишкектин калкы жыл санап өсүүдө. Бул шаарга бир катар көйгөйлөрдү да ала келди. “Данисте” бул чыгарылышында Бишкектин каяктан суу ичери тууралуу кеп кылат.