Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Борбор Азия

“Көчмөн сыяктуу” (As a Nomad) өргүү жайы. 08.7.2024.
Нарын шаарынын түндүк-батыш кире беришиндеги “Көчмөн сыяктуу” (As a Nomad) өргүү жайы. 08.7.2024.

Кыргызстандын туристтик өнөр жайы улам жаңы усулдарды өздөштүрүүдө. Алардын бири – экологиялык тең салмактуулукту эске алган заманбап “глэмпинг” өргүү жайлары. Тарыхчынын блогу.

“Глэмпинг” термини тууралуу кыска билги

Кыргызстандын туристтик өнөр жайы дүйнөдөгү экологиялык туризмге таандык жаңы ыкмаларды байсалдуу өздөштүрүп жаткандыгына быйылкы жай мезгилинде да күбө болдук.

Ала-Тоодогу туристтерди тейлөөчүлөр эми конокторго “глэмпинг” ыкмасындагы өргүү жайларын сунуш кылышууда.

“Глэмпинг” (“Glamping”) сөзү – англисче "көз жоосун алган, жаркыраган, татына" ("glamorous") жана "кемпинг" ("camping", б.а. “өргүү жайы”) сөздөрүн ширелтүү аркылуу жаратылган заманбап туристтик термин. Бул сөз Улуу Британияда 2005-жылы жаралган, деген билги (маалымат) бар. (2016-жылы "glamping" сөзү айтылуу “Оксфорд англисче сөздүгүнө” жаңы термин катары кошулган).

Арийне, “глэмпинг” ыкмасынын философиясы жана экологиялык маңызы камтылган көчмө үйлөр Евразиядагы көчмөндөр тарабынан бери дегенде биздин заманга чейинки II миң жылдыктан бери колдонулуп келген, деп айта алабыз.

Нарындагы “Көчмөн сыяктуу” глэмпинг өргүү жайы. 08.07.2024.
Нарын шаарынын түндүк-батыш кире беришиндеги “Көчмөн сыяктуу” (As a Nomad) өргүү жайынын бир боз үйүнүн каалгасында "Алтай" деп жазылган. 08.07.2024.

Кыргыз кагандары, хун теңиркуттары, усун күнбийлери, түрк кагандары, монгол хаандары жана башка көчмөн элдердин өкүмдарлары дагы улам жаңы журтка көчкөн маалда өз инфратүзүмүн жаңы журттарга жана ордо жайларга дээрлик толук көчүрүп жүрүп отурушкан эмеспи.

Бул “глэмпинг” деген терминдин экинчи бөлүгү – "кемпинг" ("camping" – “жаратылышта өргүү, эс алуу”) демейде туристтерге сунушталып келген ар кандай чатырчалардан жана чакан үйлөрдөн турган өргүү жайын туюнтат.

Ал эми “глэмпинг” болсо бир эле учурда "кемпинг" сунуштаган ыңгайлуулуктарды дагы жана буга чейинки "салттуу" кемпинг менен эч байланышпаган заманбап курорттук тейлөө кызматтарын дагы камтып турат.

Бир чети, “глэмпингде” заманбап ыңгайлуулуктар сунушталса, экинчи жагынан ал жаратылыш менен камыр-жумур жашоонун тээ илгерки көчмөндөр цивилизациясына таандык болгон экологиялык шарттарын дагы камсыз кылып жаткандыгы менен айырмаланат.

Менимче, өзгөчө жайкы кыска мөөнөттүк эс алуу мезгили үчүн бул ыкма абдан омоктуу. Кыргызстандагы “глэмпинг” өргүү жайлары боз үйлөрдөн тургандыктан, улам жаңы чөлкөмдөргө көчүрүлүү үчүн дагы өтө ыңгайлуу.

XXI кылымдын башында жайкы эс алуу үчүн “глэмпинг” шарттарын издеген эл аралык туристтер үчүн Кыргызстандын жайкы туристтик жайлары дагы акыркы чейрек кылымдай мезгилде (б.а. бул англисче термин жарала электен мурдараак эле) өз тейлөө кызматтарын жигердүү сунуштай башташты.

Албетте, бардыгы шайма-шай болгон шарттарды жаратуу баскыч-баскыч менен акырындап жүзөгө ашырылууда.

Мисалы, кээ бир жерлерде боз үйлөрдөн турган өргүү жайлары кардарларын электр жарыгы, үй жылыткыч, ал түгүл сауна менен камсыз кылышса, “глэмпинг” шарттарын сунуштаган айрым өргүү жайларынын ээлери объективдүү шарттардын айынан өз кардарларына вай-фай сунуштай албай калган учурлар дагы бар.

Бул – эң бийик тоолуу өрөөндөрүнүн бир катар аймактарына интернет байланышы жеткириле электигинен улам болууда.

Маселен, Соң-Көлдүн түндүк-чыгышындагы Кочкор районуна караштуу аймакта “Эделвейс Журт Кэмп” (Edelweiss Yurt Camp) өргүү жайы жайгашкан. Анын боз үйлөрү жакшы жылытылат. Атайын бир боз үй ашкана катары бөлүнгөн жана ал мыкты жасалгаланган.

Бул жайкы турист жайынын ээлери – Мурат Касымбек уулу Жунушов жана анын жубайы Анара айым. Алар туристтер үчүн зарыл айрым товарларды сунуштаган дүкөнчө да ачып алышкан.

“Эделвейс Журт Кэмп” глэмпингинин ээлери Мурат жана Анара Жунушовдор. 06.07.2024.
Соң-Көлдүн түндүк-чыгышындагы “Эделвейс Журт Кэмп” (Edelweiss Yurt Camp) өргүү жайынын ээлери – Мурат Касымбек уулу Жунушов жана анын жубайы Анара. 06.7.2024.

“Эделвейс Журт Кэмп” (“Edelweiss Yurt Camp”) өргүү жайынын бир гана өксүгү – бул аймакта (жана жалпы эле Соң-Көлдүн жээкке жакын бөлүгүндө) уюкфон жана интернет байланышынын жоктугу.

Кайсы бир алысыраак, бийигирээк дөңсөөгө чыгып гана маал-маалы менен уюкфондон байланышууга болот дешти.

Бул өксүктү Кыргызстандын байланыш жана туризм жаатындагы мекемелери гана чече алышы мүмкүн. Ал эми Соң-Көлгө жана башка бийик тоолуу жайлоолорго самсыган жайкы туристтерди татыктуу тосуп алуу үчүн оор шартта да мээнет кылып жаткан мекендештерибизге алкыш гана айта алабыз.

Чынында да жасалма жандоочу (сателлит) аркылуу интернетке байланышуу мүмкүнчүлүгү жайлоолордогу туристтерди тейлөөчүлөр үчүн азырынча кымбатка турат. Илон Маск сыяктуу байлар кылым башында сунуштаган жалпы дүйнөлүк арзан интернет байланышы жаатындагы технологияларды колдонуу бийик жайлоолордогу калайык үчүн азырынча фантастикадай сезилет.

Соң-Көлдөгү “Эделвейс Журт Кэмп” глэмпинг өргүү жайы. 07.07.2024.
Соң-Көлдүн түндүк-чыгышындагы “Эделвейс Журт Кэмп” өргүү жайы – Кыргызстандагы глэмпинг турист жайларынын бири. 07.7.2024.

Ошого карабастан, Ала-Тоодогу “глэмпинг” ыкмасындагы өргүү жайларынын инфратүзүмү мүмкүн болушунча кеңейтилип келет.

Быйыл, башканы айтпаганда, тоолуу Нарын облусундагы өзүбүз күбө болгон туристтик өргүү жайларын мисал кылып, жайкы туризм шарттары 1990-жылдардагыдан асман менен жердей айырмалуу тездеп өнүгүп жатканын байкадык.

Туристтерди тейлөөчүлөр күн нурунун кубатын топтоп, өргүү жайын түнү менен жарыктандыруу мүмкүнчүлүгүн колдонуп жаткандыгына кубандык. Албетте, газ колдонуу да арбыган экен. Мурдагыдай тезек же көмүр жагып убара болууга караганда, газ колдонгон ашпоздордун иши алда канча жеңилдептир.

(Туристтерди тейлөөчүлөр кээде тоо өрөөнүнөн жакага түшүп барып, газ челегин таба албай кайткан учурлар дагы болуп жаткандыгын айтып, нааразыланышты. Чүйдөгү газ жабдуучулар Орусиядан пропан газ келбей, эми күнүмдүк турмуш үчүн керектүү газ челектери Өзбекстандан маалкатуу менен ташылып келип жаткандыгын бизге айтышты).

Албетте, болочокто тоо өзөнүндө кичи ГЭСтерди куруу жана колдонуу жааты өнүксө, анда туристтерди тейлөөчүлөр үчүн кошумча жагымдуу шарттар түзүлүшү ыктымал.

Биз күбө болгон туристтик жайлардын бири – Таш-Рабат кербен сарайынан түндүгүрөөктө бир чакырымдай узактыкта жайгашкан “Журт кэмп” (“Yurt Camp”) аттуу глэмпинг туристтик өргүү жайы. Анын аймагында туристтерге сауна да сунушталат экен.

Сабырбек Айылчиев Таш-Рабаттагы “Журт кэмп” глэмпинг жайында. 07.7.2024.
Сабырбек Айылчиев мырза өзү ээлик кылган “Журт кэмп” (“Yurt Camp”) аттуу глэмпинг туристтик өргүү жайында. Ал Таш-Рабат кербен сарайынын түндүк тарабында жайгашкан. 07.7.2024.

Биздин көз алдыбызда эле жапондук бир турист айым бул өргүү жайынын ээси Сабырбек Айылчиев мырзадан саунага кирүү шарттары жөнүндө англис тилинде билги (маалымат) алды. 1957-жылы туулган жана мурда Ат-Башы районунун Кара-Суу кыштагында 40 жылдай математика мугалими болгон Сабырбек мырза эми туристтерди дурус кабыл алуу үчүн француз жана испан тилдерин да үйрөнүүгө белсенгендигин айтты.

Мен Түркияда жана Италияда курорт жайларда эс алуу үйлөрүнүн элпек кожоюндары бир учурда бир нече тилде сүйлөгөн кезеңдерди эстедим.

Демек, биздин туристтерди тейлөөчүлөрүбүз да “текебердик аттан жерге түшүп” келип, базар экономикасынын шартында туристтерге астейдил тейлөө кызматын сунуштоо үчүн полиглот болууга ыктыярдуу умтула башташкан экен.

Нарын шаарынын түндүк-батыш кире беришиндеги “Көчмөн сыяктуу” (“As a Nomad”) өргүү жайы Нарын районунун “Эмгекчил” айылынын аймагында жайгашкан. Бул өргүү жайдын жетекчиси – Рамис Байсейитов мырза.

Жакында биз курсташтарыбыз болуп бул жайда ыракаттанып түнөдүк. Андагы боз үйлөрдө ысык суусу бар чайканма бөлмө, вай-фай, үй жылыткыч, электр жарыгы, электр чайнеги сыяктуу шарттар туристтерди күтүп турат. Албетте, чоң топ болуп баргандыгыбыз үчүн Рамис мырза коно турган жайларыбызды бизге саал арзаныраак сунуштады.

Болбосо ал өргүү жайы киши башына 2 миң сомдон жогору чыгышы мүмкүн. Бул акча айрымдарга кымбат көрүнүшү мүмкүн, бирок Европадагы эс алуу жайларындагыга салыштырмалуу өтө арзан.

Нарындагы “Көчмөн сыяктуу” глэмпинг өргүү жайы. 08.07.2024.
Нарын шаарынын түндүк-батыш кире беришиндеги “Көчмөн сыяктуу” (As a Nomad) өргүү жайынын ашканасы. 08.07.2024.

Тоолуктарды ардактоо тууралуу учкай кеп

Бийик тоолуу шартта ысык-суукка кайыл болуп эмгектенип жаткан башка да элеттиктер бар.

Сапардаштарым азыркы тапта тоо туризми улам өнүгүп жаткан кырдаалда бир жагдайды эске салышты.

Бардык эле малчылар тоо туризмине ыңгайлаша элек. Алардын башкы милдети – малчылык. Туристтерди ургаалдуу тоскон өргүү жайларынын ээлери кайсы бир деңгээлде өз укуктарын жана милдеттерин жана базар экономикасынын талаптарын билишет. Алар үчүн кээде семинарлар да өтүп турат.

Ал эми айрым чет элдик туристтерди жолдоочулар (гиддер) Соң-Көлдө (жана башка жайлоолордо деле) мындай атайын өргүү жайларын кыйгап өтүп, карапайым меймандос малчылардыкына баш баккан учурлар арбын болот экен.

Ошондой окуялардын айрымдарын бизге айтып беришти.

Бир жолдоочу жигит капыстан жааган нөшөр маалында жоон топ чет элдик конокторду бир малчынын боз үйүнө алып келген экен.

Үйдөгү келин бул чакырылбаган конокторду сүттүү чай, май, кыям, нан, таттуу-паттуу, мөмө-жемиш жайнатып тосуп алат. Анан дасторкондо каалашынча майкандаган соң, кетип бара жаткан коноктордун бири берешендик кылып боз үйдөгү тестиер балага эки даана банан сунуштаптыр. Жолдоочу (гид) да билмексен болуп кете бериптир.

Эми элеттеги базардан алда канча алыс турган малчы кыргыздын меймандостугун көрсөткөндүгү үчүн чечекейибиз чеч боло сүйүнүшүбүз мүмкүн. Бирок капысынан келип, дасторконду майкандап, анан эч нерсе төлөбөй узап кеткендик – дүйнөлүк туристтик адеп-ахлакка деле сыйбаса керек.

Батыш Европада кээде эч нерсе албай, чай ичсең, бери дегенде 3–5 эвро акча төлөйсүз. Малчылар капысынан келген коноктордон асмандын башындагы акча талап кылышпаса дагы өз азык-түлүгүнүн жана тейлөөсүнүн наркына ылайык төлөм суроого үйрөнүшү керек. Ал эми жергиликтүү жолдоочулар өз коногунун укуктарын гана эмес, милдеттерин да эске алышы абзел.

Албетте, мындай жосунсуз жоруктар аз учурашы мүмкүн, бирок алигиче учурап жатат.

Соң-Көлдөгү “Эделвейс Журт Кэмп” глэмпинг өргүү жайы. 06.07.2024.
Соң-Көлдүн түндүк-чыгышындагы “Эделвейс Журт Кэмп” өргүү жайы. Анын ээлери – Мурат Касымбек уулу Жунушов жана анын жубайы Анара. 06.7.2024.

Тоо туризми – келечектүү ишкердик түрү

Жалпысынан, тоо туризмин өнүктүрүүнүн келечеги бар экендигине ынандык.

Анын көйгөйлөрүн жалаң гана электр, уюкфон байланышы, электр кубаты менен чектеп кароого болбойт.

Баткен шаарынын батыш тарабындагы Кара-Тоодо Тамга-Таш деген жердеги аска сүрөттөрүн, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Тамга-Таш жергесиндеги бутпарастык таш жазма эстелигин, Чүйдөгү мурдагы Суйаб шаарынын орду болгон Ак-Бешим шаар чалдыбарын, Кочкордогу орто кылымдардагы Кочкор-Башы шаарынын чыгышыраагындагы жер астындагы кара кытайлык көрүстөндүн калдыгын, Соң-Көлдөгү “Манастын таш тулгасы” деп аталган жайды, Ак-Талаадагы Атантай менен Тайдактын күмбөзү турган жайды, Өзгөндөгү Шоро-Башат шаар чалдыбарын, Аксыдагы Боспиек (Бозбу-Бийик) айкелин жана Сузакка жакын Сампадагы эстеликти жана башка таберик жайларды кыдырган чагымда, алардын жанында эч кандай заманбап ажаткана, туристтик тейлөө орду жоктугуна күбө болдум.

Ал эми Ак-Талаадан Орто-Сырт жайлоосу аркылуу Таш-Рабатка өткөндө жол азабын кыйла тарттык. Бир аз өткүн өтсө эле, автоунаалар тыгылып калат экен.

Кочкордон Соң-Көлгө жана Бишкек-Торугарт кан жолунан Таш-Рабатка карай кетчү автоунаа жолдорун асфальттап коюшса, туристтерге эле эмес, жергиликтүү калайыкка да зор утуш болмок.

Балким, бийликтерде бул жаатта атайын долбоорлор деле бардыр. Биз бул көйгөйлөрдү карапайым жолоочунун көзү менен баянлап жатабыз.

Кинорежиссёр Руслан Акундун соңку тасмаларынын биринин ("Бейиш эненин таманында" тасмасынын) соңунда жазылгандай, Атажуртубуз – “Бейиштей болгон Кыргызстан”. Аны тоо туризми аркылуу да өнүктүрүүгө болот. Бул жаатта “глэмпинг” ыкмасындагы заманбап өргүү жайлары да өз салымдарын кошуп келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Музыка таануучу Сагыналы Субаналиев шакирттери менен. 2011.
Музыка таануучу Сагыналы Субаналиев шакирттери менен. 2011.

Кыргыз улутунун кылымдар карыткан көркөм өнөрүнүн бир өңүрү – музыка таануу жаатында ырааттуу иликтөө жүргүзүп, далай унутулган аспаптарды жанданткан илимпоз жана агартуу ишмери, профессор Сагыналы Субаналиев тууралуу тарыхчынын блогун сунуштайбыз.

Өтө илбериңки жана жупуну өнөр таануучу эле

Кыргыздын чыгаан заманбап айдыңдарынын бири – Сагыналы Субаналиев (01.01.1948–04.11.2022) агабыз эле.

Аттиң, ал 74 жашында дүйнө салды. Бул жашты айрым аксакал академиктерибиз “эр ортону” деп азилдеп баалагандай эле, Сагыналыдай асыл агаларыбызды эч ким ажалга ыраа көрбөйт болчу.

Аны Кыргызстандагы көрүнүктүү музыка таануучу, комуз таануучу, этноорганолог деп билчүбүз.

Илимий даражалары боюнча ал көркөм өнөр илимдеринин кандидаты, профессор эле; ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы да ыйгарылган.

Бул өтө мээримдүү, адамгерчиликтүү, жупуну жана мээнеткеч айдың менен жанына барып учурашкандар анын дээрлик унутулуп бара жаткан далай музыкалык аспаптарды кайра калыбына келтирип, бүгүнкү өнөрпоздордун жандуу музыкалык аспаптарына кайрадан кошууга жетишкен уюштургуч коомдук ишмер экендигин биле беришчү эмес.

Анткени ал жупуну, жөнөкөй айдың эле.

Сагыналы Субаналиев. Санкт-Петербург. 2011.
Профессор Сагыналы Субаналиев Орусиянын көркөм өнөр тарыхы институтунун малахит залында чыгып сүйлөөдө. Санкт-Петербург. 2011.

Кыскача өмүр таржымакалы

Сагыналы агай азыркы тапта Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы (мурдагы Ош облусуна караштуу Жаңы-Жол районундагы) Авлетим (Афлатун) кыштагында 1948-жылы 1-январда жарык дүйнөгө келген.

Ал 1966–1970-ж. Бишкектеги (мурдагы Фрунзе) музыкалык-педагогика окуу жайында окуган.

Сагыналы агай 1970–1972-жж. Кыргыз ССРинин Сыналгы көрсөтүү жана үналгы берүү мамлекеттик комитетинин музыкалык редакциясынын редактору болуп иштеп калды. Дал ушул жылдары ал кыргыздын музыка өнөрүнүн далай устаттары менен бетме-бет дидарлашып, алардын далайынын чыгармаларынын жалпы калайыкка жеткирилишине жана алтын казынага жаздырылышына салым кошкон.

Бирок ал өз билимин өркүндөтүү зарыл экендигин өзгөчө туйган. Ошентип, 1972–1977-жылдары ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда музыка таануу факультетинде таалим алган.

Бир эле мезгилде ал Кыргыз ССРинин Сыналгы көрсөтүү жана үналгы берүү мамлекеттик комитети менен чыгармачыл байланышын уланта берген.

С.Субаналиевдин 2023-жылдагы комузга арналган китебинен.
Субаналиев Сагыналы. Комуз – кыргыздардын салттуу маданиятында: Монографиялык изилдөө / Илимий кеңешчи И.В.Мациевский. Бишкек, 2023. – 388 б. (орусча). – Китептин 293-бетиндеги комуздун ар кыл түрлөрүнүн чийме сүрөтү.

Сагыналы 1977-ж. Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун фольклор секциясына аспирантурага өтөт (бул ЖОЖдун орусча аталышы – Ленинградский государственный институт театра, музыки и кинематографии, кыскача ЛГИТМиК).

Кийинчерээк, 1991-жылы, бул ЖОЖдун аталышы “Н.К.Черкасов атындагы Санкт-Петербург театр, музыка жана кинематография мамлекеттик институту” (кыскача СПбГИТМиК) деп аталып калган. Анан эки жыл өтүп, ал "Санкт-Петербург театр өнөрү мамлекеттик академиясы" болуп жаңыча аталган.

Бул жогорку окуу жай азыркы тапта (т.а., 2015-жылдан бери) “Орусиянын сахна өнөрү мамлекеттик институту” (Российский государственный институт сценических искусств, кыскача РГИСИ) деп аталып келет. (Булардын чоо-жайын айтканыбыз – маркум Сагыналы агай окуган аспирантура азыркы тапта кайсы илимий-агартуу мекемесине таандык экендигин даана көрсөтүү далаалатыбызга байланыштуу).

Орусиядагы белгилүү музыка таануучу илимпоз, профессор Игорь Владимирович Мациевский (украинче ысымы: Ігор Володимирович Мацієвський) Сагыналы Субаналиевдин илимий жетекчиси жана нускоочусу эле.

Теги харьковдук украин болгон композитор жана музыкалык этнограф Игорь Мациевский 1999-жылы “Украинанын көркөм өнөрүнө эмгеги сиңген ишмер” наамын алган.

Профессор И.Мациевский 5 илимдин докторун жана 22 илимдин кандидатын, анын ичинде 12 казак, өзбек, кыргыз, уйгур, татар, азербайжан, тыва жана башка түрк музыкалык маданияттарын изилдөөчү окумуштууну даярдаган.

Бул өңүттү да бекеринен эскерген жокпуз. Менимче, мурдагы Советтер Биримдигиндеги көптөгөн этностордун музыка таануучу адистерин телчиктирген профессор И.Мациевский бардык шакирттерин башка элдердин музыкалык аспаптарын жана өнөрүнүн тарыхын аздектеп үйрөнүүгө чакырган ар тараптуу устат болуп саналат.

Профессор И.Мациевский кийин да Сагыналы агайга доктордук диссертациясын жазуу маалындагы кеңешчиси болгон.

Коркут-Атага арналган симпозиумдан кийин. 2014.
Коркут-Атага арналган симпозиумдан кийин. Казакстандагы музейде. Солдон экинчиси — орусиялык профессор Игорь Владимирович Мациевский (Сагыналы Субаналиевдин илимий жетекчиси), анын жанында ортодо – С.Субаналиев. 2014.

1982-ж. кыргыздын элдик музыкалык аспаптары жөнүндө илимий диссертациясын жазып бүтүп, ийгиликтүү жактаган. (Караңыз: Субаналиев, С. Киргизские музыкальные инструменты в эволюции традиционных форм музицирования: автореф. канд. иск.: 17.00.02 / Сагыналы Субаналиев. – Ленинград, 1982. – 24 с.).

Көркөм өнөр таануу илимдеринин кандидаты Сагыналы Субаналиев агай 1985-жылдан тартып СССР композиторлор союзунун мүчөсү болуп калган.

Ал эми 1986-жылы ал мурдагы диссертациясын кеңейтип, кыргыз музыка өнөр таануусу үчүн өзгөчө омоктуу болгон илимий монография жарыялаган. (Караңыз: Субаналиев, С. Киргизские музыкальные инструменты: Идиофоны, мембранофоны, аэрофоны [Текст]. – Фрунзе: Кыргызстан, 1986. – 168 с.).

Кыргыз айдыңдары Самаркандда. 1980-жылдар.
Кыргыз айдыңдары Самаркандда. Оңдон: музыка таануучулар Камчыбек Дүйшалиев, Балбай Алагушев, Сагыналы Субаналиев жана композитор Акимжан Жээнбаев. 1980-жылдар.

1977–1987-жж. ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун улук окутуучусу, музыканын тарыхы кафедрасынын доценти болуп иштеди.

Албетте, мындай адистер министрлик үчүн да табылгыс кадр эле. 1987–1991-жж. ал Кыргыз ССРинин (кийинчерээк Кыргыз Республикасынын) Маданият министрлигинин көркөм өнөр башкармалыгынын башчысы болуп иштеди.

1991–1992-жж. ал Бишкек гуманитардык университетинин (азыркы Хусейин Карасаев атындагы БМУнун) дүйнөлүк маданият кафедрасынын башчысы болду.

1992–1994-жж. ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын көркөм жетекчиси кызматын аркалады.

1994–2006-жж. ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун профессору жана салттуу музыка кафедрасынын башчысы болуп эмгектенди.

Ара-чолодо, 1999–2004-жж., ал Кыргыз Республикасынын Композиторлор Биримдигинин (союзунун) төрагасы да болуп иштеди.

Сагыналы агай 2006–2014-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун ректору кызматында үзүрдүү иштеди. Жетекчилик кызмат менен чектелип калбастан, ал өзү да студенттерге кыргыз музыкалык аспаптары жаатында таалим берип, сейрек колдонулуп калган үйлөмө жана чертме аспаптарды жигердүү колдонууга шыктандырды.

Кыргыздарда "жетиген" деп аталып, Ала-Тообузда эгемендик доорунда кайра колдонула баштаган чертме аспап, маселен, Энесайда калган хакас боордошторубузда азыркыга чейин "чатхан" деп аталып, ырааттуу колдонулуп келет эмеспи.

Ой, комузум, комузум!
"Ой, комузум, комузум!" (Кыргыз комузчу өнөрпоздорунун тобу). Архив.

2019–2022-жж. Сагыналы агай Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун жетектөөчү илимий кызматкери болуп иштеп жүрдү.

Сагыналы агай 2022-жылы 4-ноябрда дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 6-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө арууланып жерге берилди.

Сагыналы Субаналиев менен Кенжекан Усупованын үйлөнүү тоюнда. 14.10.1972.
Музыка таануучу Сагыналы Субаналиев менен Кенжекан Усупованын үйлөнүү тоюндагы сүрөт. 14.10.1972.

Үй-бүлөсү тууралуу учкай кеп

Сагыналы агайдын жаншериги – мээнеткеч педагог жана агартуу тармагындагы уюштуруучу Кенжекан Усупова эжеке.

Аксылык Сагыналы менен кеминдик Кенжекан 1972-жылдын 14-октябрында баш кошкон.

Жубайлар Айсулуу деген кыздуу (12.01.1973), Султансейит (Султансеит; 19.02.1974) жана Султанмурат (18.10.1985) деген эки уулдуу болушту.

Эки неберенин чоң атасы, бир неберенин таятасы болуп, Сагыналы агай балдарынын тойлорунун четин көрүп, ыракатка батып жашап калды.

Эми Кенжекан эжеке, Айсулуу, Султансейит жана Султанмурат маркум агайдын көркөм өнөр таануу жаатындагы мурасын заамнбап ыкмалар менен дүйнөлүк коомчулукка таанытуу аргаларын көрүп келишет.

Чындыгында, маркум агайдын баалуу эмгектерин англис жана башка чет тилдерге котортуп, дүйнө коомчулугуна жеткирүү иши анын үй-бүлөсүнүн эле эмес, мүлдө айдыңдарыбыздын милдети катары бизди күтүп жатат.

Сагыналы Субаналиев үй-бүлөсү менен. 2010.
Профессор Сагыналы Субаналиев үй-бүлөсү менен. Туруп тургандар (оңдон): Султансейит, Айсулуу, Султанмурат. Отургандар (оңдон): Кенжекан эже, Тимур, Сагыналы агай, Мария. 2010-жыл.

Экинчи өмүрү китептерде улантылган айдың

Сагыналы Субаналиев агай мээнеткеч окумуштуу эле. Аны маркум фолклор таануучу Буудайбек Сабыр уулу (1933–2011), маркум этнограф Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев (1934–2002) сыяктуу бел чечпей тынымсыз кумурскадай эмгектенген айдың деп билебиз.

Бул улуу муундагылардан айырмаланып, Сагыналы агай Орусиядан терең академиялык таалим алууга жана кыргыз таанууну жаңы илимий сереге чыгарууга салым кошууга жетишкен илимпоз болчу.

Сагыналы агай өзүнүн ар тараптуу изилдөөлөрүндө кыргыз элдик музыкалык аспаптарынын XX кылымдын 80-жылдарына чейин дурустап изилдене элек жана сүрөттөлө элек 25 жаңы түрүн ачкан. Тагыраак айтканда, ал дээрлик унутулуп калган 25 музыкалык аспапка “жан киргизген”, аларды илимий усулда системалаштырган, кеңири илимий колдонууга жана аткаруучулук тажрыйбага (практикага) ырааттуу киргизген.

Бул мурда дээрлик унутулуп калган аспаптарды заманбап фолклордук-музыкалык топтордун пайдалануусу үчүн Сагыналы агай илимпоз катары гана эмес, уюштургуч жетекчи катары да зор рол ойногон.

Профессор Сагыналы Субаналиевдин айрым китептери.
Профессор Сагыналы Субаналиевдин айрым китептери.

Анын айрым китептерин санай кетелик:

1. Кыргыздын музыкалык аспаптары: идиофондор, мембранофондор, аэрофондор. – Фрунзе: “Кыргызстан”, 1986. – 166 б.;

2. Кыргыздын музыкалык аспаптары. – Фрунзе: “Адабият”, 1991. – 144 б.;

3. Чоорлор. – Фрунзе: “Кыргызстан”, 1986. – 50 б.;

4. Кыргыздардын улуттук инструменталдык музыкасы жана кыргыздардын инструментарийлери: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Маданият министрликтери тарабынан музыкалык окуу жайлардын композитордук-теоретикалык факультеттеринин “Элдик музыкалык чыгармачылык” курсуна сунушталган окуу куралы. – Бишкек: “Учкун”, 2003. – 336 б.;

5. Музыка. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. – Бишкек, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 222 б.

С.Субаналиев жазган китептеги “Гүлгаакы” элдик дастанынын күүсүнүн нотасы. 2023.
Субаналиев Сагыналы. Комуз – кыргыздардын салттуу маданиятында: Монографиялык изилдөө / Илимий кеңешчи И.В.Мациевский; Илимий ред. жана Алгы сөз автору Д.А.Булатова. Бишкек, 2023. – 388 б. (орусча). – Китептин 307-бетиндеги “Гүлгаакы” элдик дастанынын күүсүнүн нотасы.

Адистердин айтымында, профессор Сагыналы Субаналиев жүзөгө ашырган кыргыздардын салттуу музыкалык аспаптарын изилдөөдөгү илимий ачылыштар ондогон көөнө аспапты бүгүнкү музыка өнөрүндө кайрадан колдонууга мүмкүндүк жаратты.

Бул аракет улуттук аспаптардын тембрдик жана башка ар түстүү палитрасын жаңылоо жана кеңейтүү, улуттук музыканын табитин андан ары байытуу үчүн олуттуу огожо болду.

С.Субаналиев Кыргыз ССРинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин көркөм өнөр башкармалыгынын башчысы катары мындай жаңыланууну ишке ашырууга жигердүү катышкан. Дал ушул мезгилде (б.а. “Кайра куруулардын” окуялар ургаалдуу жүргөн соңку учурларында жана эгемендиктин башаттык мезгилинде) "Камбаркан" мамлекеттик фольклордук-этнографиялык ансамбли түзүлүп, жер-жерлерде ушул сыяктуу башка да атаандаш чыгармачыл топтор жарала баштаган.

Сагыналы агай кыргыз күүлөрүн мурдараак нотага түшүргөн музыка таануучулардын айрым катачылыктарын оңдоп, өзү да нотага түшө элек далай күүлөрдү (анын ичинде дастандарды коштогон күүлөрдү) нота белгилери аркылуу дүйнөлүк чөйрөгө тааныткан.

Маселен, Сагыналы агай Шамашрап дубананын бир калмак баатырынын кызы Гүлгаакыга арнаган ыйык сезими чагылдырылган обондуу дастандын ноталарын китебине түшүргөн. (Караңыз: Субаналиев С. Комуз в традиционной культуре кыргызов: Монографическое исследование / Науч. конс. И.В.Мациевский; Науч. ред. и авт. вступ. ст. Д.А.Булатова. [Комуз – кыргыздардын салттуу маданиятында: Монографиялык изилдөө / Илимий кеңешчи И.В.Мациевский; Илимий ред. жана Алгы сөз автору Д.А.Булатова.] – Бишкек: Турар, 2023. – С. 306–308).

Айтмакчы, кыргыздардын өнөрпоздору аткарган бул дастанда сопулук поэзия жана музыка (анын кайырмасында сопулар зикир чалгандагы "лаа илааха илла-л-лаа" сыяктуу сөздөр бар эмеспи, анжыяндык кыргыздардын өзбек жана кыпчактар менен алакалары, ошондой эле сопулук тарыкаттын бир өкүлү болгон таланттуу дубананын калмак баатырынын кызы Гүлгаакыга ашык болушу аркылуу саясий жааттан жаңжалдашкан этностордун арасында согуш гана болбостон, тынч замандагы куда-сөөктүк мамилелер да орун алгандыгына ишаара кылган өзгөчө кызыктуу этностук-маданий маалымат камтылган эмеспи.

Шамашраптын, б.а. Шах-Машрабдын, прототибин айрым адистер өзбек акыны жана ойчулу Бабарахим Машрап (өзбекче Boborahim Mashrab; 1657 (1657), Наманган — 1711, Балх) менен окшоштурушат. Балким, бир жагынан, аны аны сөзсүз эле Бабарахим Машрап менен окшоштуруунун зарылчылыгы жоктур. Экинчи жагынан, акын Токтогул Сатылган уулу менен замандаш болгон Молдо Тойчу (1868—1943) сыяктуу эле бул өзбек акыны дагы анжыяндык кыргыздарга камыр-жумур жашагандыгын четке кагууга болбойт.

Машрап ысымы анжыяндык кыргыздарда да көп коюлчу. (Кыстара кетсек, биздин ноокаттык курсташ досубуздун ысымы Маширап эле).

Дегиңкиси, Сагыналы агайдын жаратмандык салымдарынын бардыгын бул чакан блогубузда кемелине келтире чагылдыра албайбыз.

Профессор С.Субаналиевдин кийинки эмгектери дагы кыргыздын музыка таануусуна XXI кылымдын башында кошкон зор салым болуп калды.

С.Субаналиев тарабынан фолклордук экспедицияларда чогултулган кыргыздын кээ бир эски улуттук аспаптары Швециядагы Стокгольм музыкалык аспаптар музейинде жана Словакиянын тарых жана маданият музейинде экспонат катары көрсөтүлдү.

Маркум Сагыналы агайдын бул илимий жана маданий мурасы – жалпы кыргыз улутунун кыргыз таануу жаатындагы сыймыктуу мурасы болуп түбөлүккө аздектелип кала бермекчи. Анын ысымын болочокто дагы ырааттуу аздектеп эскерүү – аксылыктардын гана эмес, жалпы улутубуздун жаңы муундарынын орток парызы деп санайм.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG