Орус аскерлери Украинага басып киргенден кийин Орусиянын өзүндө Казакстандын түндүгүндөгү айрым аймактарды да кайтарып алууга чакырган билдирүүлөр жаңыра баштады. Мындай ойлор атүгүл өлкөнүн кээ бир тургундарынын арасында да айтылууда.
Борбор Азия
шаршемби 4 Январь 2023
Жаңы жылдын алгачкы үч түнү тең Украина менен Орусия бири-бирине чабуулун күчөттү. Москва Донецк облусунда ракеталык соккудан 63 аскери набыт болгонун жарыялады. Ооганстанда кыз-келиндер университеттерге окууга "Талибандын" тыюу салганына нааразылык билдирип, жүрүшкө чыкты.