Тоталитардык доордун курмандыктары жапырт көмүлгөн Кекилик-Учар аймагы жөнүндө жергиликтүү элдеги маалыматтарды буга чейин журналисттер, тарыхчылар ачыкка чыгарган.
"Таши чоң атамдын сөөгү ушул аймакта"
Куршабдагы "Кекилик-Учар бейити" мемориалдык комплекси 11-ноябрда ачылды. Анын ачылышына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Ал өзүнүн чоң атасынын тагдырын мисал кылып, совет доорунда ушул аймактагы түрмөдө жалган жалаа менен камалган жүздөгөн адамдардын сөөгү көмүлгөнүн айтты.
“Болду, атаңар өлдү" деп койду дейт. "Атабыз кайда, кандай болуп өлгөнүн, кайсы жерге көмүлгөнүн ал маалда сурай албай, билбей калганбыз" дешет. Атам жана анын эжелери ушинтип ыйлап өтүп кетишти. Жүздөгөн, балким, миңдеген адамдардын катарында менин атам дагы белгиленбестен, куран окулбастан же болбосо каралбастан көмүлгөн экен. Менин Таши чоң атам. Ошондуктан бул жерде жалган жалаа жабылып, кордук менен түрмөдө отуруп, өтүп кеткендерге белги коёлу дедик”.
Ташиев Куршабдагы түрмөдө отургандар жөнүндө архив документтер Москвада дагы жок, бирок абактагылардын жапырт көмүлгөнү элдин эсинде экенин билдирди. Ташиев өзүнүн чоң атасы эмне болуп камалган таржымалын айткан жок.
Айрым жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жерде 1900-жылдары мүрзө болгон. Андан кийин 1930-жылдары ушул аймакта жайгашкан түрмөдө каза болгондордун, репрессия курмандыктарынын сөөктөрүн араба менен ташып келип, көмүлүп турган.
Жергиликтүү тургун Кадыркул Караев буларды айтып берди:
"Жолдун боюнда көбү көмүлгөн деп айтышар эле. Кечээ көчөт отургузуп жатканда бир жерди казганда, 20-30 сантиметрден кийин эле адамдын көкүрөк сөөгүнөн 7-8дей чыкты. Ошону өз көзүм менен көрдүм. Анан бул жерди түздөгөндө иштеген усталар сүрөткө тартып алыптыр, көп сөөк чыгыптыр. Бул жерде сөөк көп".
Жалган жалаа менен камалгандар окуясы
2023-жылы “Эсимде” долбоору жана “МедиаХаб” тобу Өзгөн районундагы Куршаб айылындагы Кекилик-Учар дөбөсүндө сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөктөрү көмүлгөнү жөнүндө видео жарыялашкан.
Анда Арстанбек Полотов сталиндик репрессияга кабылган атасы Аттокур Полотов бул жердеги түрмөдө атылгандардын сөөктөрүн жашыруун көмүүгө катышканын айткан:
“Колунан асып коюп, бутун тегерете мык кагып койгон экен (ред.: атасы Аттокур Полотовду айтып жатат). Бир кесим нан, бир чыны суу берип, калган убакта сабашкан. "16 күн кыйнаганда дагы кагазга кол койгон жокмун, балам" деп мага айткан. "Мен акмын" дечү. 5-ноябрга жакындаган сайын тигил жакта Тыныстановдорду деле массалык ата башташкан эмеспи. Ошол жапырт атыла баштаганда буларды сөөк көмүү ишине салса керек”.
Арстанбек аксакалдын атасы Аттокур Полотов алты ай түрмөдө отуруп, кийин акталып чыккан. Ал түрмөдөгү аёосуз кыйноо сыяктуу окуяларды баласына айтып берген.
“Эсимде” долбоорунун маалыматын боюнча, Эски Покровка айылында 1954-жылга чейин түзөтүү колониясы болгон. Жергиликтүү тургундар түрмөнүн жанындагы терең кудукка түрмөдө каза болгондордун сөөктөрү менен бирге тирүү адамдарды дагы таштай беришкенин айтып беришкен.
Ошентип, тарыхчылар бул жер терең изилденип, мүмкүн болсо анда көмүлгөндөрдүн тек-жайы аныкталышы керек дешет. Журналист Миржан Балыбаев Кекилик-Учар жайын "экинчи Ата-Бейит" деп атады.
"Ал жерди тиешелүү адистер кылдат изилдеши керек. Сөөктөр жатканы далилденсе, "экинчи Ата-Бейит" болот. Ушуларды кылсак, сотсуз, адилетсиз атылып кеткен ата-бабалардын алдындагы парзды аткарган болот элек. Бул тарыхый окуя болот", - деди Балыбаев.
Тарыхчылар ушул сыяктуу репрессия курмандыктары жөнүндө маалыматтарды жалпы коомчулукка жеткирүү кандуу режимдин кесепеттеринен сабак алуу үчүн керек экенин белгилешет. Советтик диктатор Иосиф Сталин башкарган отуз жылга чукул созулган мезгилде Кыргызстанда жыйырма миңден ашык адам репрессияга кабылган. Анын 137синин сөөгү учурда Бишкектин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жатат. 1938-жылы атылган улут каймактарынын сөөгү арадан 53 жыл өткөндө табылганы белгилүү.
Шерине