Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Париж: прокуратура Ле Пенди беш жылга эркинен ажыратууну суранды


Ле Пен
Ле Пен

Париждин прокуратурасы ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясынын лидери Марин Ле Пенди Европарламенттин каражаттарын туура эмес колдонгонун иликтөө иши боюнча беш жылга эркинен ажыратып, анын үч жылын шарттуу соттоп, 300 миң евро айып пул салууну сурады. Бул тууралуу BFMTV телеканалы кабарлады.

Мындан сырткары айыптоочу тарап саясатчыны беш жылга мамлекеттик органдарга шайлануу укугунан ажыратууну талап кылган.

Ле Пенден тышкары бул иште “Улуттук биримдиктин” 20 мүчөсү бар. Прокуратура аларды абакка кесүүнү сураган.

Эгер сот айыптоо өкүмүн чыгарса, Ле Пен шайлоодо талапкер боло албайт.

Саясатчы айыптоолорго жооп берип, прокуратура француздарды каалаган талапкерине добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну көздөп жатканын билдирди.

Ле Пен жана анын өнөктөштүрүнүн иши боюнча соттук угуулар Парижде сентябрда башталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча айыпталуучулар акчаны партиянын кызыкчылыгы үчүн кыянаттык менен пайдаланып, Европарламентке жасалма түрдө жардамчыларды жалдаган.

Ле Пен 2022-жылы Франциянын президенттигине талапкер болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG