Борбор Азия
жекшемби 23 Октябрь 2022
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара башчылары жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын жетекчилери жолугушту. Жыйында чагымчылдыкка жана туура эмес маалыматтардын тарашына жол бербөөнү талкуулашканы кабарланды. 21-октябрда өткөн жолугушууга чейин эки мамлекеттин чек ара кызматтары бири-бирин чагымга айыптаган эле.
Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмоналинин жетекчилиги астында өттү.
Анда тараптар чек арадагы чагымчыл аракеттердин алдын алуу, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү бекемдөө, абалды биргелешип туруктуу кармоо тууралуу сүйлөштү. Жыйын соңунда эки өлкөнүн чек ара башчылары биргелешкен кайрылуу таратып, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу экени кабарланды.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугушууда тараптар биргелешип жасай турган иштердин планы түзүлгөнүн билдирди.
“Тажикстандын Согд облусунун башчысы менен эки тарап биргелешип жасай иштер боюнча атайын планга кол койдук. Ал планда чек арадагы тынчтыкты сактап калуу жана жаңжалга жеткирген абалдарга жол бербөө, эки элдин ортосунда тынчтыкты камсыздоо боюнча чаралар камтылган. Жергиликтүү бийликтин милдети - эки элди ынтымакка чакыруу. Эл жай турмушуна кайтып, күнүмдүк тирилигин улантышы абзел. Албетте, чек арадагы ынтымакты калыптандырууга убакыт керек. Ал үчүн жергиликтүү бийлик бир канча иштерди тынымсыз жүргүзүшү шарт. Бул боюнча иш пландар бар”.
14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин эки тарап чек арадагы түзүлгөн чыңалууну басаңдатуу жана кан төгүүгө жеткирген себептерди иликтөө үчүн биргелешкен комиссия түзгөн.
Абдикарим Алимбаев аталган комиссия чыр чыгышына алып келчү абалдын, чагымчыл аракеттердин алдын алуу менен да алектенип жатканын кошумчалады.
“Биргелешен комиссия иштеп жатат. Чыр-чатак чыгып кетиши мүмкүн болгон учурлардын алдын алып, жеринде иштеп, тынчтыкты камсыздоого аракеттенип жатабыз. Акыркы күндөрү ар кандай такталбаган маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында да таркап жатат. Буга ишенбеш керек”.
Чек ара кызматтары тараткан биргелешкен билдирүүдө расмий эмес, чындыкка коошпогон маалыматтар чек арадагы кырдаалды күчөтүү аракети катары баалана турганы айтылган.
"Дүрбөлөңгө салган маалыматтан тажадык"
Чек арадагы соңку кагылышта Баткен районундагы дээрлик толугу менен тонолуп, өрттөлгөн Көк-Терек айылынын тургуну Жеңишбек Кенжаев элди дүрбөлөңгө салган маалыматтардан чарчаганын айтты.
“Кошуналардын бизге каршы даярданып жатканы "курал топтоптур, аң казып жатыптыр” деген сөздөр бизди дүрбөлөңгө салууда. Тынч жашоо болбой жатат. Кошуналар да жанынан коркуп жатканы байкалат. Менин жанымдагы тажик кошуналарым үйлөрүнө келе элек. Эки тараптин бийлиги элди аралаштырбай, түрдүү ушактарды таратпай, маселени жеринде чечсе жакшы болмок. Бизге жаңжалдын кереги жок. Кошуналар деле ошону кааласа керек. Болгону маселени создуктура бербей, көйгөйдү дипломатия жолу менен чечсе дейм. Уйгу-туйгу жашоо адамды чарчатат экен".
Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Орто-Боз айылынын башчысы Уланбек Маматов ар кандай чагымчыл маалыматтар элди дүрбөтүп, жүрөк үшүн алып жатканын айтууда.
“Биз эл аралап жүрөбүз. “Тез жардам” машинеси менен курал, ок-дары ташып жатыптыр” деген өңдүү маалыматтар чыккан сайын эл санааркап жатат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок эл деген эл экен да. Ушундай маалыматтарды эки тараптын тийиштүү кызматтары ич ара эле талкуулап, бири-бирин күнөөлөбөй, сүйлөшүп чечип коюшса деген ойдомун. Антпесе элге чагымчыл маалыматтар тез таркап кетет экен. Жолугушууларды тез-тез өткөрүп, ишенимдүү болуш керек”.
Эки мамлекеттин өкүлдөрүнүн жолугушууларынын арты менен абал тынчып каларына ишенбегендер да бар. Чек арадагы айылдарын биринде жашаган, атын ачык айткысы келбеген тургун чек араны тактоону тездетип, маселеге биротоло чекит коюлса болмок деген пикирде.
“Өткөн жылы да Кызыл-Белде чек арадагы эки облус башчыларынын жолугушуусу өтүп жаткан күнү куралдуу кол салуу болуп кетпедиби. Ошондуктан мындай жолугушууларга ишенип отурганга да болбойт. Маселе чек ара такталганда гана чечилет. Ага чейин ишениш кыйын”.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маселе 20-октябрда Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Анда депутат Сүйүн Өмүрзаков бийликти Баткенге, анын ичинде чек арага жакын аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырган.
"Жергиликтүү тургундар ар кандай маалыматтарды айтып кайрылып жатат. Протоколдук келишимдерге кол койгондон кийин дагы жолугушууларды өткөрүш керек да. Ушундай маалыматтар чыгып жатат деп. "Аң (окоп) казып, курал-жарак алып келип жатат" деп айткандан кийин өткөндөгү окуя болду. Ушул боюнча тез арада сүйлөшүү жүргүзүү керек. Эки тараптан кайгуул кызматы турганына карабай ушундай болуп жатат. Азыр балдар, аялдар кетип, эркектер эле калдык деп жатышат. Ошондуктан көбүрөөк ошол жакка көңүл буруш керек, министрликтер эл аралап жүрүш керек", - деди депутат.
Ушул маселени депутат Балбак Түлөбаев дагы көтөрүп, эки өлкө ортосундагы мамиленин бузулушу Борбор Азия өлкөлөрүнө дагы таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айткан.
Эки тараптын бири-бирин айыптаган билдирүүсү
19-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарган. Андагы билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылган.
Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилейт.
Чек ара кызматы билдиргендей, 25-сентябрдан тартып Тажикстан чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатат жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталды.
“Жолугушууларда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жетишилген келишимдерди бузуп жатканын моюнга алып, аларды жоюуну убада кылат, бирок тажрыйба көрсөтүп тургандай – убадаларын аткарышпайт”, - деп билдирди мекеме.
Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстан чек ара тилкесине аскерлерин жана техникасын топтоп, бул үчүн “Тез жардам” машиналарын колдонуп, “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынын тушуна жарандык автомашиналар менен ок-дары ташып барып, “жалданмаларды даярдоо жана ок-дары топтоого мечиттерди пайдаланып, ошону менен ислам баалуулуктарына да каршы аракеттенип жатканы” аныкталууда.
Мекеме белгилегендей, “протокол кабыл алынып, чек арада абалды турукташтыруу үчүн аракет көрүлүп жатканына карабастан, тажик тарап кезектеги чек ара чырын тутандырышы ыктымал болгон иштерге барууда”.
Андан мурдараак Тажикстандын бийлиги Кыргызстанды "чек арадагы кырдаалды курчутууга багытталган аракеттерди көрүп жатат" деп айыптаган. Кошуна өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин Согд облустук башкармалыгынын ушундай өңүттөгү билдирүүсүн 19-октябрда улуттук “Ховар” агенттиги тараткан.
Анда 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 протоколдо бекитилген келишим талаптары сакталбай жатканы айтылып, кыргыз тарапка Тажикстандын аба мейкиндигин бузуп, аскердик техниканы тартып, кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерди көрүп жатат деген кине коюлган.
Билдирүүгө 10-18-октябрь аралыгында чек ара аймактарында “Кыргызстандын чагымы” катары сыпатталган бир канча окуя сүрөттөр менен тиркелген.
Тажикстан кырдаалды турукташтыруу, көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүү жаатындагы макулдашууларды аткарууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстанды бейпил жашоону камсыздоого чакырган.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуядан бери бир айдан ашкан убакыт ичинде жергиликтүү деңгээлде да эки тараптуу жолугушуулар тынымсыз эле өтүп турат. Окуядан кийин түзүлгөн эки тараптан биргелешкен комиссиянын иши жыйынтыктала элек. Баткен облусунун аймагында 16-сентябрда жарыяланган өзгөчө кырдаал алына элек.
Сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында тутанган куралдуу кагылышууда эки тарапты кошкондо жүздөн ашуун адам набыт болгон. Бишкек менен Дүйшөмбү кырдаалдын курчуп кетишине бири-бирин айыптаган.