Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 2-июлда Бишкектин Биринчи май районунун администрациясы билдирди.
Райондун администрациясы тиешелүү өтүнүч менен сотко кайрылып, ал 28-июнда канааттандырылган.
Сот мындан мурда акимияттын ушундай өтүнүчүн 29-мартта карап, чектөөнү 1-апрелден 30-июнга чейин узарткан эле.
Митингдерди Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада өткөрүүгө болбойт.
Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин алдында да тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизилген.
Бул чектөө 2022-жылы март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам узартылып келе жатат.
Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканын билдирген. (ErN)
Дагы караңыз
Жарым жылда Бишкекте 192 адам чыгырыктан жаракат алдыУлуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери суракка чакырылганы кабарландыКыргызстандагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюму” деген аталыш ыйгарылдыБеларуста "Тихановскаянын аналитиги" деген 20 киши сыртынан соттолдуОрусияда Казакстандын эки жараны "диверсия" үчүн соттолдуСи Цзинпиндин Казакстан сапары башталды“Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалатКыргызстанда мектеп директорлорунун ордуна сынак жарыяландыОрбан согуш башталгандан бери биринчи жолу Украинага бардыСот Ошто кармалган блогерди үй камагына чыгардыАрмения жана Азербайжан чек ара сүйлөшүүлөрүндө жылыш бар экенин билдиришти