Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстанда мектеп директорлорунун ордуна сынак жарыяланды


Мектеп директорлугуна сынак учуру. Бишкек, 2022-жыл. (архив)
Мектеп директорлугуна сынак учуру. Бишкек, 2022-жыл. (архив)

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик мектептердин директорлук ордуна сынак жарыяланганын билдирди. Ага ылайык, талапкерлер 2-июлдан тарта 15-июль, саат 18:00гө чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу облустук билим берүү башкармалыгына тиешелүү документтерин жана арызын жиберет.

Убагынан кечиктирилген, толук эмес документтер сынакка кабыл алынбайт. Бир жаран бир гана мектептин жетекчисинин бош кызмат ордуна талапкер боло алат.

Ошол эле учурда бир мектепте 10 жылдан ашык убакыт жетекчилик кызматта иштеген талапкер ал мектептин директорлугуна ат салыша албайт.

Маалыматка ылайык, быйыл 262 мектептин директорунун ордуна сынак болот.

Мектеп директорлорун сынактык тандоо тартиби тууралуу быйыл 22-февралда өкмөттүн токтому чыккан.

2022-жылы 12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, беш жылдан ашык иштеген директорлор кызматтан кетиши керек. Өткөн жылы мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланып, 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директору алмашкан.

Былтыр апрелдеги сынак Жогорку Кеңештин "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү талабынан улам кийинкиге жылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG