Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:32

Армения жана Азербайжан чек ара сүйлөшүүлөрүндө жылыш бар экенин билдиришти


Армян-азери чек арасы
Армян-азери чек арасы

Армения жана Азербайжандын ортосунда чек ара маселеси боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө прогресс бар экенин 1-июлда армян өкмөтү билдирди.

"Сүйлөшүүлөр конструктивдүү уланууда", - деп айтылды вице-премьер Мгер Григоряндын кеңсеси тараткан билдирүүдө.

Анда Армения менен Азербайжандын чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялары биргелешип иштөө регламентинин долбоорун сунуш кылышканы жана тийиштүү жалпы документти «жакын арада» иштеп чыгышы керектиги айтылды.

Азербайжан өкмөтү да ушундай эле мазмундагы билдирүү таратты.

Эки өлкө чек ара тууралуу биргелешкен документтин долбоору 1-июлга чейин даяр болорун 19-апрелде айтып, бул күндү акыркы мөөнөт деп белгилешкен. Эмне себептен бул мөөнөткө даяр болбогону тууралуу комментарий берилген жок.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондогу аналитикалык борбордогу иш-чарада Кавказдагы кырдаал боюнча суроого жооп берип жатып тынчтык келишимине жетүү “чындыгында эле мүмкүн” деп эсептей турганын айтты.

Быйыл апрель айында Армения менен Азербайжан чек арасын кайрадан аныктоого киришкен. Баку Армениянын түндүк-чыгышындагы Тавуш облусунда жайгашкан төрт айылды өз көзөмөлүнө алган. Ереван аталган айылдарды өткөрүп берүүгө макул экенин, алар эгемен Армениянын аймагында эместигин, экөөнү ансыз деле азери тарап көзөмөлдөп келгенин билдирген жана муну чек арадагы коопсуздуктун кепилдиги деп атаган. Армян бийлигинин бул чечими Тавуш облусунда нааразылык жараткан.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешүүнү токтото турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бул процесстин создугушуна бирин бири айыптап келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG