Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:23

Кыргызстандагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюму” деген аталыш ыйгарылды


Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы чокуга БУУнун аталышы ыйгарылганын ырастаган сертификатты Антониу Гутерришке берип жаткан учуру.
Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы чокуга БУУнун аталышы ыйгарылганын ырастаган сертификатты Антониу Гутерришке берип жаткан учуру.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке Ысык-Көл облусундагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген аталыш берилгендиги туурасында сертификат тапшырды. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчы БУУнун планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишмердигин эске алуу менен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму менен мамилелерин чыңдоо максатында ушундай чечим кабыл алынганын айтты. Ал ошондой эле БУУнун кызматкерлеринин курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тянь-Шань тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метр болгон аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталыш ыйгарылганын билдирди.

Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Чолпон-Ата шаарында жолукту. Кыргыз президенти жолугушууда Газадагы, Украинадагы, Ооганстандагы кырдаал боюнча пикирин билдирсе, Гутерриш Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн жана коңшулары менен маселелерди чечүү аракеттерин кубаттады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG