Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:11

Орбан согуш башталгандан бери биринчи жолу Украинага барды


Виктор Орбан жана Владимир Зеленский. 2024-жылдын 27-июну. Брюссель.
Виктор Орбан жана Владимир Зеленский. 2024-жылдын 27-июну. Брюссель.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн бүгүн 2-июлда Киевге барды.

Будапешттин расмий маалыматына караганда, жолугушуунун негизги темасы тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүгү тууралуу болот, эки тараптуу кызматташтык маселеси да талкууланат.

Бул Орбандын Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери алгачкы жолу барышы. 2022-жылдын 24-февралынан бери Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин баарынын лидерлери Украинага барып кетишкен, Киев Орбанды да чакырганы менен ал өзү барбай, министрлерин гана жөнөтүп жүргөн.

1-июлда Евробиримдик Кеңешиндеги төрагалык кезек Венгрияга өттү. Financial Times белгилегендей, Орбан Киевге өткөн аптада Зеленский менен Брюсселде ЕБ саммити алкагында кезигишкенден бир нече күндөн кийин барды. Басылманын маалыматына караганда, анда эки жетекчи Украинанын Закарпатье облусунда отурукташкан венгр диаспорасынын маселелерин талкуулаган.

Венгриянын Украинадагы согуш боюнча позициясы ал мүчө болгон Евробиримдиктеги жана НАТОдогу көпчүлүктүн көз карашынан айырмаланып келет. Будапешт тынчтык сүйлөшүүлөрү эч кандай шарт койбостон уюштурулушу зарыл деп эсептейт. Киев үч жылдан бери агрессияга кабылып келаткан, жабыркап турган тарап катары шарт коюуга укуктуу экенин белгилөөдө.

Орбан Батыштын Украинага аскердик жардам берүүсүн да кескин сындап келет. Киевдин Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алынышы боюнча сүйлөшүүлөргө да башында каршы болгон.

Ал "Согуш абалында турган, чек арасы суроо жараткан өлкөнү өз катарыбызга кабыл алуунун кесепети кандай болорун адегенде изилдеп чыгышыбыз зарыл", — деп айткан.

Украин бийлиги чек арасы анык экенин белгилеп, Орусияны кол салды деп айыптап келет.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес... Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG