Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:33

Беларуста "Тихановскаянын аналитиги" деген 20 киши сыртынан соттолду


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Беларуста «бийликти басып алуу үчүн кутум уюштурган», «экстремисттик бирикменин ишмердүүлүгүнө катышкан» деген айып менен 20 кишиге сыртынан өкүм чыкты. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы 1-июлда билдиргендей, өкүмдү Минск облустук соту кабыл алды.

Айыпталгандардын көбү эркин саясат таануучулар, социологдор жана экономисттер. Баары тең чет жакта жашашат, көбү өлкөдөн бийликтин кемчилиги тууралуу ачык айткандан кийинки куугунтуктун айынан чыгып кеткен.

Соттолгондор арасында “Эркин Европа/Азаттыктын” журналисти жана аналитиги Юрий Дракохруст да бар.

Бийлик алардын баарын белорус оппозициясынын бозгундагы лидери “Светлана Тихановскаянын аналитиктери” деп атайт.

Ар бирине 10-11 жылдык жаза мөөнөтү жана түрдүү өлчөмдөгү, миңдеген долларлык айыппул чегерилди.

Тихановскаянын басма сөз катчысы Анна Красулина тизмеге киргендердин кандайдыр бир байланышы боюнча эч кандай логика жок экенин айтып, «Алар болушунча көбүрөөк адамды коркутуш үчүн бул тизмеге да көбүрөөк адамды кошууга аракет кылышыптыр», — деп белгилеген.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген кишилер кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG