Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Жарым жылда Бишкекте 192 адам чыгырыктан жаракат алды


Чыгырык айдап бараткан адам. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Чыгырык айдап бараткан адам. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын маалыматына караганда, Бишкекте жыл башынан бери мобилдик унаалардын айынан 179 кырсык катталган. Андан 192 адам жаракат алган.

Кайгуул-күзөт башкармалыгынын башчылыгы 1-июлда электрондук чыгырык (самокат) жана башка мобилдик жеке унааларды ижарага берген компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Анда борбор калаада чыгырык жана жеке мобилдик унаадан кырсыктап, жабыркаган адамдар көбөйүп жатканы тууралуу маалымат берилип, анын алдын алуу чаралары талкууланды.

Кайгуул-күзөт кызматы кырсыктарды азайтуу үчүн чыгырыкка түндө күйүүчү номер тагууну, мобилдик унаалар менен жүк жеткирген курьерлердин баштыгына да номур тагууну сунуштады.

Ижара келишимине чыгырык же мобилдик унаа кырсыкка себепкер болгон учурда айдоочу айыппулга жыгылары тууралуу маалымат киргизүүнү, кырсык кылган жарандан унааны алып коюу же бөгөттөп коюу сунушу да берилди.

Ошондой эле мобилдик унааны ижарага берүүчү тиркемеге Бишкек шаарындагы чыгырык, мобилдик унаа айдоого тыюу салынган аймактар тууралуу маалыматтарды кошуу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары чыгырыктардын ылдамдыгына чектөө киргизүү сунушталды.

29-июндан тартып, Кыргызстанда "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди. Анда "жөө адамдар" деген түшүнүк менен катар "мобилдик унаа каражаттары" деген термин киргизилген. Аталган термин чыгырык, электрскейтборд, гироскутер жана башка ушул сыяктуу унааларды камтыйт.

Соңку бир-эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйдү. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонундагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Шаардыктар көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, жөө баскандарды же бири-бирин сүзүп, түрдүү окуялар катталып жатканын социалдык түйүндөр аркылуу бир нече ирет билдиришкен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG