Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Сот Ошто кармалган блогерди үй камагына чыгарды


Ош шаардык соту.
Ош шаардык соту.

Ош шаардык сотунун 1-июлдагы токтомунун негизинде милиция эки күн мурда кармаган блогер Ж.к.Г. аттуу аял 29-августка чейин үй камагына алынды. Бул тууралуу 2-июлда “Азаттыкка” Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ош облустук милициясынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү соттон аны камакка алууну өтүнгөн. Сот бөгөт коюу чарасы тандоодо кармалган шектүүгө коюлган айып анча оор эмес кылмыш экендигин, ошондой эле анын туруктуу жашаган жерин эске алып, бул өтүнүчтү четке каккан.

30-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгы өзүн блогер деп тааныштырган аял “опузалап талап” кылуу беренеси шек саналып кармалганын билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, 29-июнда Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып өзүн блогермин деген Ж.Г. аттуу аял акча талап кылып жатканын билдирген. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну арыз берген жарандын кызматы жөнүндө “социалдык тармактарга терс маалыматтарды чагылдырам” деп бир нече жолу акча алганын жана IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталды деп айтылат. Милиция арыз жазган адам кайсы кызматкер экенин маалымдаган жок.

Ош облустук милициясы шектүү 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлаган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен иш козголгон.

Шектүүнүн өзү, жактоочусу же жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Социалдык тармактарда кармалган жаран Оштогу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындаган Гүлпери Жанышбек кызы экенин жазып чыгышкан. Ал буга чейин Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевди сындап жүргөн. Жанышбек кызы 29-июнда Фейсбуктагы баракчасына “бул иш атайын уюштурулган” деген таризде жазды. Аким комментарий бере элек. (DSh\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG