Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

“Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалат


"Орто Азия энергетикалык компаниясынын" өкүлү жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Талантбек Иманов макулдашууга кол койгон соң. 2-июль, 2024-жыл.
"Орто Азия энергетикалык компаниясынын" өкүлү жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Талантбек Иманов макулдашууга кол койгон соң. 2-июль, 2024-жыл.

2-июлда Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Орто Азия энергетикалык компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Чайна Петрол” компаниясына таандык мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин башчысы Талантбек Иманов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Макулдашуунун алкагында 160 млн АКШ долларынан ашык сумма инвестиция катары салына турган болду.

Инвестициялык келишим Чүй облусунда бензин, дизель жана суюлтулган газ өндүрүүчү мунайды кайра иштетүүчү заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга багытталган.

Маалыматта айтылгандай, аталган долбоорду ишке ашыруу мунайды кайра иштетүүчү заводдун техникалык абалынын олуттуу жакшырышына алып келет. Бул анын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Былтыр август айында Акылбек Жапаров “Жундага” барып, өндүрүш аймактары менен таанышып, төрт жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана жаңылоо маселеси каралган. Өкмөт быйыл мартта "Жунданы" ушул жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү пландалып жатканын кабарлаган.

“Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.

"Жунда" жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматы (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине "салыкты жашырды" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, "кылмыштын курамы жоктугуна" байланыштуу аларды актаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG