Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:08

Орусияда Казакстандын эки жараны "диверсия" үчүн соттолду


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Казакстандын эки жараны «топтошуп, алдын ала сүйлөшүп алып жасалган диверсия» деген айып менен соттолду. «Свобода» радиосунун маалыматына караганда, өкүм 1-июлда Москва шаардык сотунда жарыяланды.

Москванын тургундары, казак жарандыгы бар Александр Абрам жана Эдуард Бурдилов ар бири 13 жылга эркинен ажыратылды. Алар 2023-жылы 22-июнда кармалган. Кылмыш иши тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Талдоочулар айыптоо темир жолдун ишине байланыштуу болушу ыктымалдыгын белгилеп жатышат. Анткени ушул эле соттун өкүмү менен «Российские железные дороги» ишканасынын жарандык доо арызы канааттандырылып, Абрамды жана Бурдиловду 387 миң рубль төлөтүү чечими да кабыл алынды.

Орусия Украинага кол салып, мобилизациялоо жарыялаганда согушка каршы жарандар аскердик комиссариат, полиция, жергиликтүү бийлик имараттарына, бийликтеги «Единая Россия» партиясынын кабылдамаларына өрт коюп, каршылыгын билдиришкен. Алгач мындай окуялар бирөөнүн мүлкүн талкалоо, ээнбаштык катары бааланып келсе, кийин диверсия жана теракт деп тергеле баштады.

Avtozak LIVE укук коргоо медиа долбоору эсептеп чыккандай, Украинадагы согуш башталгандан бери Орусияда аскер комиссариатына, административдик жайларга жана темир жолго өрт койгон, ишин үзгүлтүккө учураткан деген айып менен кеминде 547 киши айыпталды, алардын 402си боюнча так маалымат бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG