ЖК комитети Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду

Мелис Тургунбаев.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 26-июндагы кезексиз жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду. Президент Садыр Жапаров көрсөткөн Мелис Тургунбаевди бул орунга шайлоо маселеси эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.

42 жаштагы Мелис Тургунбаев - экономика илимдеринин доктору. 2023-жылы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалган. Бул кызматтан 26-июнда кетти.

Ал 2003-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Жапониядагы саясат изилдөө институтун, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Эл аралык мамилелер, экономикалык саясат боюнча адис. 2002-2005-жылдары Финансы министрлигинде, 2006-2019-жылдары “Газпромнефть Азия” ишканасында эмгектенген.

2013-2021-жылдары “Кыргызнефтегаз” ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы, 2021-жылы KICB банкында директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Садыр Жапаров быйыл апрель айында өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес деген негиз менен Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кеткени 24-июнда белгилүү болгон. Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болору айтылууда. Шаршембиде парламент аны Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын колдоду. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстанда бүбү-бакшы эми түрмөгө камалатМелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлдүАКШ жана Орусиянын коргоо министрлери телефондон сүйлөштү Украина жана Орусия ар бири 90дон согуш туткунун айырбаштады “Апрелчилерге” деген тигүү фабрикасы курулуп жатканы белгилүү болдуПарламент электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алдыВебкам ишмердигин кылмышка теңеген мыйзам долбоору кабыл алынды Орусияда "тыңчылыкка" айыпталган америкалык журналисттин соту башталдыДепутат парламентте “7-апрель ынтымагынын” жетекчиси мурда соттолгонун айтты U-17: Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 10 медал алды