Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Орусияда "тыңчылыкка" айыпталган америкалык журналисттин соту башталды


Эван Гершкович. 2024-жылдын 26-июну.
Эван Гершкович. 2024-жылдын 26-июну.

Орусияда 26-июнда бир жылдан ашуун убакыттан бери тергөө абагында отурган америкалык журналист Эван Гершковичтин соту башталды. Орусия тыңчылыкка айыптаган, ал эми АКШ «саясий иш» деп атап келаткан кабарчы боюнча соттук териштирүү Екатеринбург шаарында жабык өтүүдө.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө да, Гершковичтин жакындарына жана АКШ элчилигинин кызматкерлерине да сот отурумуна катышууга уруксат берилген жок.

АКШга мурдагы Советтер Союзунан көчүп барган иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулган Гершкович «кансыз согуштан» бери Орусияда тыңчылыкка айыпталып жаткан алгачкы америкалык журналист.

Эгер сот ага тагылган айыпты жүйөлүү деп тапса, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Орус бийлиги тыңчылык тууралуу айыпты негиздей алчу далил келтире элек.

The Wall Street Journal жана АКШ өкмөтү 32 жаштагы Гершкович расмий уруксат алып, өзүнүн кесиптик милдетин аткарып гана иштеп жүргөн кабарчы болгонун белгилеп, айыпты кескин түрдө четке кагып келишет. Айыбы жок экенин Гершкович өзү да айткан.

Кабарчы 2023-жылдын март айында Екатеринбургда жумуш сапары учурунда кармалган. Ал Москванын "Лефортово" тергөө абагында кармалып келди.

Орусиянын Башкы прокуратурасы: "Тергөөчүлөр Wall Street Journal гезитинин кабарчысы америкалык Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) суроосу боюнча 2023-жылдын март айында аскер техникасын өндүрүүчү жана оңдоочу "Уралвагонзавод" өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланышкан купуя маалыматты чогултуп жүргөнүн аныктап, документалдуу түрдө тастыкташты", - деп билдирген.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп, четке кагууда.

АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус жарандыгы да бар Алсу Курмашева былтыртан бери Казан шаарында камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG