Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:47

Тажикстанда бүбү-бакшы эми түрмөгө камалат


Тажикстан. "Көзү ачыкка" кезек күткөн аялдар.
Тажикстан. "Көзү ачыкка" кезек күткөн аялдар.

Тажикстанда бүбү-бакшылык, «көзү ачыктык» кылгандардын жазасы катуулаганын 25-июнда «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Өткөн аптада өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине кирген өзгөртүүлөргө ылайык, эми төлгө салып, дубалап тумар жасап берип, бакшылык кылгандар дээрлик 50 эсе көп айыппул төлөйт же эркинен ажыратылат.

Буга чейинки 2008-жылы кабыл алынган мыйзамда эркинен ажыратуу жазасы жок болчу, 3 миң сомони (280 доллар) өлчөмүндө айыппул гана каралган.

Эми жаңы мыйзамга ылайык, андай иш менен алектенгендер эки жылга чейин камакка алынат же 144 миң сомони (13 350 доллар) төлөөгө милдеттүү болот.

Өкмөттүн жаңы эрежесинин негизинде кармалгандардын жакындары алар мыйзам бузбаганын, жөн гана куран окуп, бата кылып келишкенин айтып жатышат. Айрым юристтер бүбү-бакшы деп кармап кетип, жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүлүп жаткан кишилер боюнча да мыйзам чегинде териштирүү жүргүзүү зарыл экенин, себеби соттун чечими чыкмайынча аларды күнөөлүү деп жарыялоо мүмкүн эместигине көңүл буруп жатышат.

Калкынын 90% мусулманчылыкты карманган Тажикстанда түрдүү ырым-жырым, «көзү ачыктарга» барып төлгө салдыруу, бакшылык кылуу кеңири жайлылган. Кызматы үчүн өтө көп акча алган «элиталык» бүбү-бакшылардын кардарлары арасында, «Озоди» жазгандай, жогорку кызматтагы бийлик өкүлдөрү да жок эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG