Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Парламент электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун 26-июнда кабыл алды.

Эгер ага президент кол койсо, электрондук чылым колдонгону үчүн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.

Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Документтин авторлору - депутаттар Алишер Козуев менен Шаирбек Ташиев. Электрондук чылымга тыюу салуу сунушу быйыл февралда коомдук талкууга коюлган.

Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG