Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:45

“Апрелчилерге” деген тигүү фабрикасы курулуп жатканы белгилүү болду


“Апрелчилерге” тигүү фабрикасы салынып жатканы айтылган жер.
“Апрелчилерге” тигүү фабрикасы салынып жатканы айтылган жер.

Министрлер кабинети “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна бөлүп берген жерде 15-20 күн мурун тигүү фабрикасы, бала бакча жана дагы бир имараттын курулушу башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу өзүн мастер деп тааныштырган Жеңиш Нусубалиев 26-июнда “Азаттыктын” кабарчылары курулуш жүрүп жаткан жерге барганда айтты. Анын сөзүнө караганда, 25-июнда “апрелчилер” барып курулуш иштерин көрүп кетишкен. Ал кимдер келгенин тактаган жок.

“Ош базары” жана Батыш автобекети көчүрүлөт делген жерге жакын жерден бөлүнгөн аймакка түшүп жаткан тигүү фабрикасынын курулушун ким каржылап жатканы боюнча маалымат жок.

Президент Садыр Жапаров 22-июнда “Кабар” агенттигине курган маегинде 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Президент алар “Курманбек Бакиев 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүнү убада кылган” деп айтышканын жана ал үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин айткан.

Министрлер кабинети 29-майда “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна 1,6 гектар жер бөлүп берүү чечимин кабыл алган. “Акипресс” агенттиги жер тилке тигүү фабрикасынын курулушу үчүн берилгенин, ага 1 млрд сом инвестиция салына турганын жазган.

Кыргыз өкмөтүнөн бир жарым гектар жер алган “7-апрель ынтымагы” коому мындан эки ай мурун, 2024-жылы 8-апрелде түзүлгөн. Ага Бактыбеков Аскар Бактыбекович, Бактыбеков Манас Бактыбекович жана Шеримбаев Усупбий Бактыбекович деген үч адам ээлик кылат.

Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков мамлекеттен жер алган “7-апрель ынтымагы” коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаев 2022-жылы жашы жете элек балага сексуалдык аракет кылган деген негизде соттолгонун, кийин пробация жазасы менен эркиндикке чыкканын билдирген. Бул маселе Жогорку Кеңештин 26-июндагы жыйынында да көтөрүлдү.

Усупбий Шеримбаевдин сот жообуна тартылганын ырастап, бирок чечимге макул эместигин айткан.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси ушул күнгө чейин чечилбей келе жатат.

2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Апрель элим Кыргызстан”, “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелердин жетекчилери 25-июнда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин айтышты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG