Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Украина жана Орусия ар бири 90дон согуш туткунун айырбаштады


Туткундан кайткан украин аскерлери. 2024-жылдын 25-июну.
Туткундан кайткан украин аскерлери. 2024-жылдын 25-июну.

Украина жана Орусия ар бири 90дон согуш туткунун айырбаштады. 25-июндун кечинде Украина Улуттук гвардиясынын жоокерлерин, аскер кызматкерлерин жана чек арачыларын, жалпы 90 кишисин Орусиядан кайтарып алганын өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Бул жолку туткун айырбаштоого да Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ортомчу болуп беришти.

Украинанын координациялык штабынын маалыматына караганда, мекенине кайткан жоокерлер арасында Мариуполду коргоого катышкан 59 адам бар, алардын 52си "Азовсталь" ишканасын коргоп жатып туткунга түшкөн.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында туткундан кайткандар дарылоого жана реабилитацияга жөнөтүлөрү гана айтылды, алар кимдер экени кабарланган жок.

Буга чейин эки өлкө ортосунда БАЭнин ортомчулугу менен туткун айырбаштоо 31-майда болгон. Анда Украинанын 75, Орусиянын да 75 жараны бошотулган. Ошол эле күнү Украина каза болгон 212 жоокеринин, Орусия 45 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты орус аскерлери 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын февралына чейинки аралыкта эле туткундагы украин жоокерлеринин кеминде 32син өлтүргөнүн билдирген. БУУнун эксперттеринин сурамжылоосуна катышкан 44 орусиялык согуш туткуну Украинанын абагында кандайдыр бир ырайымсыз мамилеге кабылганы тууралуу айтышкан эмес, колго түшкөн учурда же абакка жеткирилип баратканда гана кыйноого кабылганын билдиришкен.

Украина орус аскерлеринин кылмыштары, анын арасында туткундагы украиндерди өлтүргөнү тууралуу 50 миңден ашуун кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Орус тарап бул боюнча комментарий берген эмес.

Согуш туткунун өлтүрүү эл аралык укук тажрыйбасында согуш кылмышы катары бааланат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG