Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:21

U-17: Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 10 медал алды


Кыргызстандык спортчулар жана машыктыруучулар.
Кыргызстандык спортчулар жана машыктыруучулар.

22-26-июнь күндөрү Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын балбандары 10 медал алды.

Эркин күрөштөн Садыр Кайыпбеков (45 кг), Өмүрбек Асан уулу (60 кг), Нурсадык Нурдинов (65 кг) алтын, Нуртилек Замирбеков (51 кг), Курсантбек Исаков (55 кг) күмүш жана Самидулло Алимжанов (80 кг) коло байге алды.

Грек-рим күрөшүнөн Ислам Темирбеков (48 кг) менен Элдар Мурзакулов (55 кг) коло медал тагынышты. Ал эми кыз келиндер күрөшүнөн Асема Төрөгелдиева (49 кг) жана Асель Жапарова (61 кг) коло байге алды.

Эркин күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандын курамасы командалык эсепте экинчи орунду багындырды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG