Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:41

Депутат парламентте “7-апрель ынтымагынын” жетекчиси мурда соттолгонун айтты


Айсулуу Мамашова.
Айсулуу Мамашова.

Министрлер кабинети 1,6 гектар жер бөлүп берген “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомунун жетекчилеринин бири Усупбий Шеримбаевдин маселеси Жогорку Кеңештин 26-июндагы жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Айсулуу Мамашова өкмөт жер берген акционердик коомдун башчысы буга чейин сексуалдык ыдык көрсөткөн деген айып менен сот жообуна тартылганын айтты.

“Усупбий Шеримбаев педофилия боюнча соттолгон. Мындай адамдар жетекчилик кызматта болбошу керек. Өзгөчө Апрель революциясынын баатырларынын төрүндө отурбашы керек”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаров 22-июнда “Кабар” агенттигине курган маегинде 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Президент алар “Курманбек Бакиев 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылган” деп айтышканын жана ал үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин айткан.

Министрлер кабинети 29-майда “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна 1,6 гектар жер бөлүп берүү чечимин кабыл алган. “Акипресс” агенттиги жер тилке тигүү фабрикасынын курулушу үчүн берилгенин, ага 1 млрд сом инвестиция салына турганын жазган.

Кыргыз өкмөтүнөн бир жарым гектар жер алган “7-апрель ынтымагы” коому мындан эки ай мурун, 2024-жылы 8-апрелде түзүлгөн. Ага Бактыбеков Аскар Бактыбекович, Бактыбеков Манас Бактыбекович жана Шеримбаев Усупбий Бактыбекович деген үч адам ээлик кылат.

Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков мамлекеттен жер алган “7-апрель ынтымагы” коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаев 2022-жылы жашы жете элек балага сексуалдык аракет кылган деген негизде соттолгонун, кийин пробация жазасы менен эркиндикке чыкканын билдирген

Усупбий Шеримбаевдин сот жообуна тартылганын ырастап, бирок чечимге макул эместигин билдирген.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси ушул күнгө чейин чечилбей келе жатат.

2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Апрель элим Кыргызстан”, “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелердин жетекчилери 25-июнда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин айтышты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG