Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:34

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлдү


Мелис Тургунбаев. 2023-жылы тартылган сүрөт.
Мелис Тургунбаев. 2023-жылы тартылган сүрөт.

Мелис Тургунбаев башка кызматка өткөндүктөн, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка 26-июнда президент Садыр Жапаров кол койду. Расмий кабарда ал кайсыл кызматка которулганы белгиленген эмес. Мурдараак президент анын талапкерлигин Улуттук банктын төрагасы кызматына көрсөткөнү айтылган.

Муну "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине мүчө айрым депутаттар тастыктады.

42 жаштагы Мелис Тургунбаев - экономика илимдеринин доктору. 2023-жылы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалган.

2003-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Жапониядагы саясат изилдөө институтун, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Эл аралык мамилелер, экономикалык саясат боюнча адис.

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинде, 2006-2019-жылдары “Газпромнефть Азия” ишканасында эмгектенген.

2013-2021-жылдары “Кыргызнефтегаз” ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы, 2021-жылы KICB банкында директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Садыр Жапаров быйыл апрель айында өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес деген негиз менен Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кеткени 24-июнда белгилүү болгон. Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болору айтылууда. Шаршембиде парламент аны Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын колдоду. (BTo\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG