Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:03

АКШ жана Орусиянын коргоо министрлери телефондон сүйлөштү


Ллойд Остин жана Андрей Белоусов. Коллаж сүрөт.
Ллойд Остин жана Андрей Белоусов. Коллаж сүрөт.

АКШнын жана Орусиянын коргоо министрлери Ллойд Остин жана Андрей Белоусов телефондон сүйлөшкөнүн 25-июнда Пентагон билдирди. Мекеменин расмий өкүлү Патрик Райдер сүйлөшүү Остиндин демилгеси менен уюштурулганын, эки өлкөнүн коргоо министрлери акыркы жолу бир жылдан ашуун убакыт мурда – 2023-жылдын март айында телефондон байланышканын айтты.

Остин «Орусиянын Украинага каршы согушу уланып жаткан шартта байланышты үзбөөнүн маанисин» белгилегени, ал эми Белоусов «Украинага америкалык курал-жарактын жөнөтүлүшү кырдаалды андан ары курчутушу ыктымал» деп айтканы маалымдалды.

Орусиянын Украинага басып кириши, анын төрт аймагын аннексиялап алышы жана орус аскерлеринин Украинанын чыгышында улам алдыга жылышы Москва менен Вашингтон ортосундагы мамилени 1962-жылдагы «Кариб кризисинен» берки эң кооптуу деңгээлге кептеген.

Өткөн апта соңунда Украинанын Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы кеминде беш адамдын өмүрүн алган, жүздөн ашуун адамды жарадар кылган чабуул үчүн Москва АКШны айыптап, «Вашингтон колдоп, курал-жарак менен жабдып жаткан Киев режимин» күнөөлөгөн. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейсини чакырып, ага Севастополдогу окуяга байланыштуу «демарш жасалганын» 24-июнда кабарлаган.

АКШ Украинада да, Орусиянын өзүндө да адамдардын өмүрүн алып жаткан кармаш үчүн орус бийлиги күнөөлүү экенин жана бул согушту ал өзү токтото аларын белгилөөдө. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллер 24-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Албетте, жай тургундардын өмүрү кыйылып жатканы бизди кейитүүдө. Биз Украинаны курал-жарак менен өзүнүн эгемен аймагын, анын ичинен, албетте, Украинанын бөлүгү болуп эсептелген Крымды куралдуу агрессиядан коргоосу үчүн камсыздап жатабыз», - деген.

Быйыл апрель айында АКШ Конгресси Украинага 61 миллиард долларлык аскердик жардам бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG