Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган адам беш жылга соттолду

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Араван райондук соту ушул жылы 10-майда Украинадагы согушка Орусиянын аскерлеринин катарында катышкан деген шек менен М.у.К. аттуу адамды беш жылга абакка кескени белгилүү болду.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Ош облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, Араван райондук соту шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөй турганы белгиленген.

Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзам менен берилген жазанын үчтөн бири алынып, абакта отурган бир күнү эки күн деп эсептелген.

Бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз - камактагы бойдон калтырылган.

М.у.К. райондук соттун өкүмүнө каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берип, ушул күндөрү иш сотто каралып жатат.

Украинадагы согушка катышкан деген айып менен Кыргызстанда буга чейин эки адам сот жообуна тартылган. 2023-жылы 16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттогон. Жогорку сот былтыр августта Бишкек шаардык жана райондук соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Быйыл январь айында Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон. Тыюу салуу чаралары дароо күчүнө кирбегендиктен, Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кеткен. Ал апрель айында орусиялык журналисттерге курган маегинде орус жарандыгын жана ал жактан убактылуу башпаанек алуу үчүн документтерин тапшырганын билдирген. Андан көп өтпөй Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Волк Аскар Кубанычбек уулуна жарандык берүү маселеси “белгиленген тартипте” чечилерин билдирген.

Жакында эле ал орус армиясы менен жаңы келишим түзүп, кайра согушка кете турганы белгилүү болду.

Нарын облустук соту “Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун 2023-жылы 7-декабрда беш жылга абакка кескен.

Кыргызстандын укук коргоо органдары эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет. (BTo/TSh)

Дагы караңыз

Крымда ракета чабуулунан жабыркагандар 151ге жеттиАжылыкка баргандар арасынан каза болгондор 1300дөн аштыАзербайжанда куралчан кишини кармоо учурунда үч полиция кызматкери каза таптыМектептерде уюлдук телефон колдонууга чектөө киргизилетНетаньяху Рафахтагы операция аяктап баратканын айттыЧалдыбардагы жатак мектептин маселеси парламентте дагы көтөрүлдү Баткенде сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кеттиКайра шайлоо: үч аймакта шайлоочулардын тизмеси такталдыСалык кызматынын төрагасынын орун басары 14-августка чейин камалдыАвстралияда камалган теги тажикстандык окумуштуу эркиндикке чыктыУлуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кызматтан кетет