Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:40

Нетаньяху Рафахтагы операция аяктап баратканын айтты


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна каршы күрөштүн активдүү фазасы аяктап баратканын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.

23-июнда Израилдин Channel 14 телеканалына курган маегинде ал активдүүлүк төмөндөсө да ХАМАС жок кылынмайынча согуш токтобой турганын айтты жана аскерлер Ливан менен чек арага жөнөтүлөрүн кошумчалады.

"ХАМАСка каршы кармаштын чыңалган фазасы аяктоодо. Бирок бул согуш дароо аяктайт дегенди түшүндүрбөйт. Интенсивдүү фаза аяктагандан кийин биздин алдыбызда аскердик күчтөрүбүздүн бир бөлүгүн түндүккө (Ливан менен чек ара тилкеси - ред.) жөнөтүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Муну биз коргонуу максатында жана ошол жактан эвакуация болгон тургундарыбыздын үйүнө кайтышына мүмкүнчүлүк түзүү максатында жасап жатабыз", - деди Нетаньяху.

Соңку эки аптадан бери Израилдин түндүгүндө, Ливан менен чек арасында абал оорлошууда. 12-июнда ал жер ХАМАСтын союздашы, Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобунун жапырт ракеталык аткылоосуна кабылган.

"Хезболла" тобу Израилдеги эки аскердик жайга учкучсуз учак менен чабуул койгонун 23-июнда билдирип, муну командирлеринин биринин өлүмү үчүн «жооп» деп атады жана соккуларынын видеосу деген тасманы жарыялады.

22-июнда «Жамаа Исламия» куралчан тобу Бекаа аймагына жасалган израилдик чабуулдан командирлеринин бири Айман Готмеден айрылганын билдирген.

Израил бул соккусун тастыктап, ал «Жамаа Исламия» менен ХАМАСтын бөлүктөрүнүн бирин курал-жарак менен жабдууга жооптуу киши болгонун белгилеген.

Айрым маалымат булактары Израилдин Ливанга чабуул коюу планы «жактырылып, бекитилгенин» жазышкан.

«Хезболланын» башчысы Хасан Насралла эгер толук масштабдуу согуш баштала турган болсо, Израилге ырайым болбой турганын эскерткен.

AFP агенттиги жазгандай, Ливан менен Израилдин чек арасында былтыркы октябрдагы чыңалуу башталгандан бери кеминде 480 киши каза болду, алардын 93ү жай тургундар экени аныкталды.

Израил бийлиги өлкө түндүгүндө кеминде 15 аскери, 11 жай тургуну каза тапканын айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG