Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Кайра шайлоо: үч аймакта шайлоочулардын тизмеси такталды


Шайлоодо добуш берүү. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоодо добуш берүү. Иллюстрациялык сүрөт.

30-июнда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өтүүчү аймактардагы шайлоочулардын саны толугу менен такталды. Тизме Санарип министрлиги тарабынан түзүлгөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 24-июнда маалымдады.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын тизмеси 25-июнга чейин үч аймактагы 175 шайлоо тилкелеринде илинет.

Шайлоочулардын тизмеси БШКнын "Тизме" порталында жайгаштырылды, шайлоочулар өздөрүнүн аты-жөнүн тактап алышса болот. Мындан тышкары: 1255 же 119 кыска номурларына чалып, шайлоо тилкелеринен же 119 номуруна жеке идентификациялык номурун жиберүү аркылуу өзүнүн кайсы шайлоо тилкесинде добуш бере аларын тастыктай алышат.

30-июнда бир мандаттуу №5 Ноокат, №29 Свердлов (Бишкек) жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

№5 Ноокат шайлоо округунан мурда шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, №29 Свердлов аймагынан Шайлообек Атазов жана №36 Ысык-Көл шайлоо аймагынан Максат Сарыбагышев депутаттык мандатын түрдүү себептер менен мөөнөтүнөн мурда тапшырышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG