Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:39

Ажылыкка баргандар арасынан каза болгондор 1300дөн ашты


Мекке. Иллюстрациялык сүрөт.
Мекке. Иллюстрациялык сүрөт.

Меккеге ажылыкка баргандар арасынан каза болгондор 1300дөн ашканын 24-июнда Сауд Арабиясынын саламаттык сактоо министри Фахд бен Абдел Рахман ал-Жаляжел билдирди. Анын айтымында, көз жумгандардын көбү атайын каттоодон өтпөгөндөр:

«Тилекке каршы, каза болгондордун саны 1301ге жетти, алардын 83% ажылык сапарга уруксаты жоктор экени аныкталды. Алар узак жолду тийиштүү талапка жооп бербеген, ыңгайсыз шартта өтүшкөн. Каза болгондордун арасында улгайгандар жана өнөкөт оорулуулар бар».

Сауд Арабиясынын уруксатын алып, каттоодон өткөндөргө атайын виза берилет. Кондиционери бар жайларда визасы барлар гана жүрө алышат.

Министрдин айтымында, көпчүлүк учурда өлүмгө ысыктын айынан организм кургап, адамдын шайы кетип, алсырап калганы себеп болгон.

Соңку күндөрү Меккеде абанын ысыгы 47-52 градуска жетип жатты.

Быйыл 14-19-июнда өткөн ажылык сапарга 1,83 миллион зыяратчы чыккан, алардын 1,6 миллиону чет өлкөлүктөр. Былтыр ажылыкка баргандар арасынан 240 киши каза болгон.

Кыргызстанга быйыл Меккеге 6060 квота бөлүнгөн. Ажылыкка баруу акысы 3750 доллар деп бекитилген. Муфтият каза болгондор арасында Кыргызстан жарандары жок экенин маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG