Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Крымда ракета чабуулунан жабыркагандар 151ге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Севастополь шаарындагы 23-июндагы ракеталык чабуулдан жабыркагандар 151 кишиге жеткенин, алардын 82си ооруканага жаткырылганын калаанын Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдирди.

Каза болгондор, анын айтымында, төрт киши, алардын экөө балдар, арасында Магадан шаарынын мэринин орун басары Олег Аверьяновдун тогуз жаштагы кызы бар. Крымга кыз ата-энеси менен эс алууга барган.

Севастополь аймагында өзгөчө кырдаал жана бүгүн 24-июнда Аза күтүү күнү жарыяланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул үчүн Украинаны айыптап, "кассеталык бөлүкчөлөр менен жабдылган америкалык ATACMS ракеталары колдонулганын" билдирди. Ракеталардын төртөөнү атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, бирөө «абадан коргонуу системасынын аракетинен улам траекториясын өзгөртүп, шаардын үстүнөн жарылганы» маалымдалды.

Тергөө комитети «теракт» деген негизде иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Севастополь Крым жарым аралында жайгашкан. 2014-жылы Украинага таандык бул аймакты Орусия басып алган. 2022-жылы Орусия баштаган согушка чейин ал жер турист эң көп каттаган аймактардын бири болчу. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары былтыр, айрыкча быйыл эс алуу сезону дээрлик токтоп турганын, анткени Крымда Орусия аскердик бөлүк, казарма, кампа сыяктуу жүздөгөн объектисин жайгаштыргандыктан коопсуздукка коркунуч сактала берерин жазып, көрсөтүп жатышат.

Орусия Украинага толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Ошондон бери Украинанын ар кайсы аймактарында күн сайын адамдар өлүп, үйлөр, мекемелер кыйроодо. Миллиондогон украин жараны качкын болуп жүрөт.

Украина Орусиянын агрессиясынан анын курал-жарагын өз аймагынан жок кылуу аркылуу гана арылса болорун айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG