Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Баткенде сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 23-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүргөнүң билдирди.

Табигый кырсык адам өмүрүнө зыян келтирген жок.

Сел суулары 16 үйдүн короосуна, үч турак жайдын жер төлөсүнө, эки мал сарайга кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыктарынан ыкчам топтор тартылып, үйлөр тазаланды.

Сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кеткен.

Ошондой эле 19 340 метр ички чарбалык жолго, 1 100 метр автоунаа жолуна, 6 000 метр ички чарбалык арыктарга, 4 000 метр сай жээгине, 50 сотых эгин талааларына зыянын тийгизген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-25-июнь күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. (BTo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG