Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Мектептерде уюлдук телефон колдонууга чектөө киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык комитети 24-июндагы жыйынында мектептерде мобилдик телефон колдонууну чектөө боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду.

Долбоордун авторлорунун бири, депутат Нурланбек Азыгалиев мындай чара окуучулардын кол телефондорду пайдалуу колдонуусун шарттайт деп түшүндүрдү:

"Ар бир мектеп администрациясы окуучулардын кол телефондорду мектептин аймагында колдонуу эрежесин иштеп чыгуусу керек. Эреже баланын мобилдик телефонду качан, кайсы жерде жана канча убакытка колдоно аларын так көрсөтүүгө тийиш", -деди Азыгалиев.

Мыйзам долбоорунун авторлору бул сунуш баланы билим деңгээлинин түшүп кетүүсүнөн, кибербуллинг сыяктуу көрүнүштөрдөн коргойт деп белгилешет.

Мектептерде мобилдик телефон колдонууга чектөө киргизүү зарылдыгы буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан көтөрүлүп келген. Чөнтөк телефондун зыяны көп болуп жатканын президент Садыр Жапаров да билдирип, аны чектөөнүн жолдорун иликтөөнү тапшырган. Мектептерде окуучулардын чөнтөк телефон колдонуусуна тыюу салган тажрыйбага көңүл буруп, ата-энелери менен бирге иш алып барууну тапшырган.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт. Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала аттаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG