Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Австралияда камалган теги тажикстандык окумуштуу эркиндикке чыкты


Абдусалом Одиназода. Архивдик сүрөт.
Абдусалом Одиназода. Архивдик сүрөт.

Австралияда «терроризмге чакыруу» деген айып менен кармалып, 3,5 жылга эркинен ажыратылган теги тажикстандык окумуштуу Абдусалом Одиназода боштондукка чыкты. Бул тууралуу маалыматты «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна ал өзү 23-июнда тастыктады.

Батыш Австралия университетинин мурдагы илимий кызматкери Австралияда 2019-жылдын январынан тартып 2020-жылдын соңунда камакка алынганга чейин өзүнүн YouTube каналына жарыялаган көптөгөн видеолорунда “Тажикстандын өкмөтүн кетирүүгө жана халифат түзүүгө” үндөгөн деп айыпталган.

Одиназоданын айтымында, сот анын 16 видеосун изилдеп чыгып, аларда «террордук үгүт» бар деген бүтүмгө келген. Соттук протоколдордо ал “Талибандын” Ооганстандагы, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун Сириядагы таасирин кеңири талкуулаганы, аларды 1,6 миллион киши көргөнү, көрүүчүлөрдүн көбү Орусияда жана Тажикстанда жашагандар экени жазылган.

Окумуштуу «терроризмге чакыруу» деген айыпка толук макул болбогонун айтты, бирок “кызыл чектен” өтүп кеткенин моюнуна алды.

Ал 2020-жылдын декабрында камакка алынганга чейин он жыл бою Батыш Австралия университетинде биохимик болуп иштеген. 56 жаштагы Одиназода Австралияга эмиграцияга кеткенден кийин ошол өлкөнүн жарандыгын алган.

Тажикстанда ага «экстремизм» деген айып менен издөө жарыяланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG