Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Азербайжанда куралчан кишини кармоо учурунда үч полиция кызматкери каза тапты


Азербайжан. Иллюстрациялык сүрөт.
Азербайжан. Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжанда куралчан адамды колго түшүрүү операциясы маалындагы атышуудан үч полиция кызматкери жана бир жай тургун каза болду. Окуя бүгүн 24-июнда борбор калаа Бакунун чет жакасындагы Хазар районунун Шувелан кыштагында болгонун өлкөнүн Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасы билдирди.

Куралчан киши издөөдө жүргөн жаран экени, ал да жок кылынганы кабарланды.

Полициянын маалыматына караганда, куралчан кол салган кишинин аты-жөнү Ровшан Аллахвердиев, ал мурда бир нече жолу соттолгон. Колго түшүрүү аракети көрүлгөндө ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн артына жамынып, ок чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG