Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Чалдыбардагы жатак мектептин маселеси парламентте дагы көтөрүлдү


Бишкектеги балдар үйүндө. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги балдар үйүндө. Иллюстрациялык сүрөт.

Таластын Чалдыбар айылындагы мектеп-интернаттын маселеси Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 24-июндагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Нуржигит Кадырбеков аталган интернаттагы бүтүрүүчү балдарды аягына чейин ошол жерден бүтүрүп чыгышына мүмкүнчүлүк түзүүнү сурады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев аталган интернат 2018-жылкы мыйзамдарга ылайык, оптимизациялоонун жыйынтыгында жоюлуп жатканын айтты.

"Мурда мектеп интернаттарга ата-энесинин бирөө жок же туугандарынын колунда калган балдар кабыл алынчу. 2018-жылкы мыйзамдын негизинде тоголок жетим балдар гана интернатка кабыл алынат. Анткени эгер ата-эненин бири бар болсо, өзү баксын деген негиз менен ушундай кабыл алынып, устав кабыл алынган экен. Ошонун негизинде 320 орун болсо, азыр 55 бала гана окуп жатат. Бул интернат боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн, жакында барабыз, ошонун жыйынтыгына жараша дагы чечим кабыл алынат", - деди Ниязалиев.

Таластын Чалдыбар айылындагы мектеп-интернаттын маселеси парламентте буга чейин да көтөрүлүп келген.

Министрдин орун басарынын айтуусунда, интернаттардан чыгарылган балдар фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырылуууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1-июнга карата Кыргызстанда 224 бала 115 фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатат.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу 20% көп. Былтыр 1-июнда 188 бала ушундай үй-бүлөлөрдө каралып жаткан.

Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгондор жайгаштырылат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG