Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Украина аза күтүп жатат


Ирандын Киевдеги элчилиги сыртында. 8-январь, 2020-жыл.
Ирандын Киевдеги элчилиги сыртында. 8-январь, 2020-жыл.

Украиналыктар 9-январда аза күтүп жатышат. Ал арада Ирандын Жарандык авиация уюму Тегерандын четиндеги кырсыктын себептери тууралуу баштапкы отчётун жарыялады.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак шаршембиде эртең менен Тегерандан Киевге учуп чыгары менен кулаганда борттогу 176 киши каза тапкан.

Баштапкы баяндама жердеги күбөлөрдүн, башка учактагылардын көргөзмөлөрүнө таянып түзүлдү. Маалыматтарга караганда, «Боинг 737-800» аэропорттон көтөрүлөрү менен белгисиз техникалык мандемден улам артка бурулган, учак асмандан күйө баштаган.

Документте «аэропорттун зонасынан чыгыш үчүн адегенде батыш тарапка багыт алган учак техникалык маселе чыккандан кийин оңго бурулуп, артка кайтууга аракеттенген маалда кулаганы» айтылат. Пилоттон чукул кырдаал же жардам сураган белги түшпөгөнү да белгиленет.

Украин президенти Владимир Зеленский өкмөт кырсыктын бир нече версиясын карап жатканын билдирди. Мамлекет башчы 8-январь күнү кечинде теле кайрылуусунда элди айың кептерден, «атайлап уюштурулган кутум болгон» деген жоромолдордон, шашылыш тыянактардан карманууга чакырды:

- Биздин негизги максатыбыз - албетте, кырсыктын себептерин так аныктоо. Биз сөзсүз чындыкка жетебиз. Бул үчүн эл аралык мыйзамдарга ылайык кылдат жана көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү зарыл. Аны Иран Ислам Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги дайындаган комиссия жүргүзмөкчү.

Учак кырсыгынан каза тапкандар. Украина. 2020-жыл.
Учак кырсыгынан каза тапкандар. Украина. 2020-жыл.

9-январда Тегеранга барган украиналык тергөөчүлөр ракета соккусу же терроризм версиялары да жакшылап изилденерин маалымдашты.

Кырсык Иран АКШ баштаган коалиция күчтөрү жайгашкан Ирактагы аскердик базаларга сокку ургандан көп узабай болгондуктан, ракеталардын бири учакка тийгени тууралуу жоромолдор да айтыла баштаган. Бирок коопсуздук эксперттеринин айрымдары трагедияга техникалык маселе себеп болгонун айтышууда. «Reuters» агенттиги аттарын атабаган адистерге таянып маалымдагандай, Батыштын чалгын кызматтары «учакка ракета тийген эмес» деген тыянакка келишкен.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги курман болгондордун арасында жети өлкөнүн жарандары бар экенин шаршембиде билдирген. Тактап айтканда ирандык 82, канадалык 63, украиналык 11 киши, андан тышкары Швециянын, Германиянын, Ооганстандын жана Британиянын жарандары болгон. 9-январь Украинада аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Ал арада Канада Тегеран менен түз дипломатиялык байланышы жок болгону менен иликтөөгө катышкысы келерин билдирди.

Иранда украиналык учак кырсыкка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Премьер-министр Жастин Трюдо Оттавадагы басма сөз жыйынында каза болгон 138 кишинин кайсы бир деңгээлде Канада менен байланышы бар экенин айтты.

Маркумдардын көбү иран жамаатынын мүчөлөрү, негизинен Эдмонтон аймагынын жашоочулары болгон.

- Сөз жок, абдан кайгырып турабыз. Ошол учакта жамаатыбыздын бир пайызын жоготтук. Мен жакындан, жакшы билген кишилер эле. Кырсык жамаат мүчөлөрүбүзгө абдан таасир этти, - деди Эдмонтондун тургуну Пайман Парсеян.

Канада Иран менен дипломатиялык мамилени 2012-жылы үзгөн. Оттава жана Тегеран менен байланыштар керек болгон учурда Италия аркылуу жүргүзүлөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​



XS
SM
MD
LG