Украинанын президенти Владимир Зеленский Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Владимир Артюхту кызматынан бошотту. Бул тууралуу Украинанын маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка караганда, украин президентинин мындай чечимине Сумы облусунун Конотоп шаарынын мэри Артем Семенихиндин билдирүүсү себеп болду. Семенихин облус жетекчилиги шаарда аскерлердин иш-чарасын өткөрүү менен жай тургундардын коопсуздугуна коркунуч келтиргенин айткан.
"Ал (Артюх) бүгүн бул жерде 117-бригададагы баатыр жигиттерибизге грамоталарды, медалдарды тапшырууну уюштурду. Бул баарына маалым. Бул жакта эч нерсе болгон эмес деп айтканыбыз туура эмес. Аскерлердин эч кимиси жабыркаган жок. Алар баары баш калкалоочу жайда болушту. Орусия эми өз агрессиясын акташ үчүн ал жерде аскерлер болгон деп айтып жатат", - деди ал видео кайрылуусунда.
Владимир Артюх аталган иш-чара шаарда өткөрүлгөнүн, бирок аны өзү уюштурбаганын билдирген. Анын ордуна Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы болуп Олег Григоров дайындалды.
Дүйшөмбүдө Орусиянын Коргоо министрлиги 13-апрелде Сумы шаарына чабуул жасалганын ырастап, "Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командалык штабынын жыйыны" өтүп жаткан жерди бутага алууну көздөгөнүн билдирген.
Согуш маалында эки тараптын тең маалыматын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.
Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылаган.
Украин тарап соккудан 35 киши каза тапканын тактады, 100дөн ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө, жараат алгандардын 15и балдар.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт. (AiA)
Шерине