Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:38

Сербияда жаштар митингдерди чагылдырбаган медиаларга каршы акцияга чыгышты


Белградда Сербиянын телерадио берүүсүнүн имаратынын алдына чогулган жаштар. 15-апрель, 2025-жыл.
Белградда Сербиянын телерадио берүүсүнүн имаратынын алдына чогулган жаштар. 15-апрель, 2025-жыл.

14-апрелдин кечинде Сербияда студенттер Белград менен Нови-Садда мамлекеттик телеканалдардын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар мамлекеттик медиа каражаттары Сербиядагы митингдерди чагылдырбай жатканына нааразы болушту.

Алар улуттук телерадиокомпанияларды - Белграддагы Сербия радиосу (RTS) жана Нови-Саддагы "Войводина" телеканалын (RTV) нааразылык акцияларына көңүл бурбай жатат деп айыпташты.

"Коомдук телерадиокомпания баарыбызга каршы иштеп жатат", — деп жазышты студенттер Instagram баракчасына. Алар RTS жана RTV медиаларынын имараттарынын жанына чатыр тигип, түнөй турганын айтышты.

Акция өтүп жаткан жерге полиция кызматкерлери келгени кабарланды.

Аталган телерадиокомпаниялар сербиялык ондогон велосипедчилердин өлкөдөгү коррупцияга каршы өнөктүгүн чагылдырбаганына нааразылык айтылды.

Сербияда нааразылык былтыр күздөн бери токтобой келатат. Анын башталышына Нови-Сад шаарындагы кырсык түрткү болгон. 2024-жылы 1-ноябрда автобекеттин чатыры кулап, 15 адамдын өмүрү кыйылган.

Демонстранттар күнөөлүүлөрдү жазалоону жана өлкө жетекчилигинин, анын ичинде президент Александр Вучичтин кызматтан кетишин талап кылууда. 2025-жылдын январындагы нааразылык акцияларынан улам Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич кызматынан кеткен. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG