"Сезим" кризистик борборуна аткаруучу директор болуп Назира Турарова дайындалганын аталган борбордон маалымдашты. Ага ылайык, жаңы аткаруучу директор менен кошо эле уюмдун негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Бүбүсара Рыскулова борбордун ардактуу президенти катары ишин улантат.
Маалыматта Назира Турарова буга чейин эл аралык уюмдарда иштеп, жарандык коомду куруу жана бекемдөө, социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүү багытында салым кошкону белгиленген:
"Назира Турарова уюмду жетектеп, аялдардын жана кыздардын укугун коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү багытындагы вазипабыздын аткарылышы үчүн аракеттенет. Ал көп жылдык тажрыйбага ээ, анын көз карашы жана лидерлик сапаттары уюмдун ишмердигин чыңдоого жана "Сезим" кризистик борборунун мындан ары өнүгүшүнө багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болот", - деп жазылган анда.
"Сезим" кризистик борбору кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына, өкүмзорлукка, көп аялдуулукка жана башка укук бузууларга каршы ишмердик жүргүзөт. Оор тагдырга кабылганга көмөк көрсөтөт. Тең укуктуулук сакталбаган жагдайларды сындайт.
24 жылдан бери аялдарга жана үй-бүлөлөргө акысыз укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүп келаткан уюмду буга чейин белгилүү укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова жетектеген.
Аталган борборду 2024-жылы укук коргоочу Атыр Абдрахматова да убактылуу жетектеп турду.(ZKo)
Шерине