Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:28

Кырсык

ишемби 4 Май 2024

Календарь
2024-ж., Май
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
29 30 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Сузактагы кырсык: жабыркаган балдар операциядан чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында унаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынган кызга жана ээги, жаагы жабыркаган эки балага Бишкекте операция жасалды. Дарыгерлер балдардын баарынын абалы туруктуу деп баалашууда.

Сузактагы кырсыкта жараат алган балдарды 3-майда Бишкекке атайын борт менен алып келген учур. (Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигинин Фейсбуктагы баракчасынан алынды)
Сузактагы кырсыкта жараат алган балдарды 3-майда Бишкекке атайын борт менен алып келген учур. (Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигинин Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында автоунаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынган кызга жана ээги, жаагы жабыркаган эки балага Бишкекте операция жасалды. Дарыгерлер балдардын баарынын абалы туруктуу деп баалашууда.

"Балдардын абалы жакшырып баратат"

Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында 4-май күнү таңга жуук баш сөөгү сынган жана абалы оор деп айтылып жаткан кызга операция жасалды. Кыздын башын операция кылууга министр Алымкадыр Бейшеналиев жана башка дарыгерлер катышты.

Клиниканын башкы дарыгери Акыл Мамановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, операция ийгиликтүү өттү, кыздын абалы туруктуу.

Акыл Маманов, башкы дарыгер. .
Акыл Маманов, башкы дарыгер. .

"Операцияны нейрорхирургдар жасады. Министр өзү катышты. Операция жакшы жасалды. Кыздын абалы жакшы, эс-учу жайында. Бүгүн президент Садыр Нургожоевич келип, көрүп, сүйлөшүп кетти. Буйруса, 2-3 күндө жалпы бөлүмгө которобуз. 4-май күнү ошондой эле жаак сөөктөрү жабыркаган эки балага да операция жасалды. Биринин үстүңкү жана астыңкы жаактары сынып кеткен, экинчисинин ээги сынган. Экөөнүн тең абалы жакшы. Ушул тапта төрт бала жандандыруу бөлүмүндө. Үчөөнө операция жасалды. Дагы бир баланын мээси чайкалган. Тиешелүү дарыгерлер карап чыгышты, ренгтенге тартып, томография жасалды. Мээсинде гематома жок, сөөгү сынып кеткен. Азыр тиешелүү адис дарыгерлер көрүп, дарыланып жатат. Башка балдардын ичинде бирөөнүн буту сынып кеткен, шишиктин тарашына карап, келерки жумада операция жасалат. Дары-дармектен кемчилик жок, баары жетиштүү", - деди Акыл Маманов.

Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында автоунаа тебелеп кеткен 10 баланы Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарылоо үчүн 3-майда атайын борт менен алып келишкен.

Сузактагы кырсык: жабыркаган балдар операциядан чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

"Кырсыкка коопсуздук сакталбаганы себеп болду"

"Манас айтуу" иш-чарасында унаа тебелеп кеткен балдардын бири - 14 жаштагы Ооматбек Султанбековдун ылдыйкы жаагы сынган. Баланын апасы үч миң бала чогулган иш-чарада коопсуздук сакталбагандыктан ушундай кырсык болду деп эсептейт:

Жабырланган баланын апасы. Бишкек. 4-май, 2024
Жабырланган баланын апасы. Бишкек. 4-май, 2024

"Коопсуздук сакталбаган үчүн ушул нерсе болду да. Биз деле тасмадан дөбөдө турган портер төмөндөгү балдарга кандай катуу ылдамдык менен келгенин көрдүк. Үч миң окуучу болгон соң, коопсуздукту жакшы сакташ керек эле. Сонун иш-чара болуп аткан, бүтөйүн дегенде ушундай каргаша тооруптур. Балдарды кудай сактаптыр дагы. Баламдын алты саны аман, жаагы сыныптыр, эми сакайып кетсе экен деп кудайдан тилеп отурам. Эч кимдин башына салбасын мындайды. Мен ошол күнү нес болуп калдым. Кантип ооруканага жеткенимди билбейм, баламдын жылтыраган көзүн көргөнчө эмнелерди гана ойлободум... Кудайдан эми сураганым эле балам мурункудай жадырап-жайнап, кашыбызга барса экен!".

Иш-чарада жабыркаган абалы оор беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон берилген, жабыркаган дагы 30 балага 50 миң сомдон бөлүнүп, каражатты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 3-майда тапшырган.


Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү да жабыркагандарга акчалай жардам берилерин маалымдады.

"Балдарыбыз сакайып кетишсин!"

Ооматбектин таятасы Бекмамат Алашаев бийлик тарабынан балдардын дарылануусуна жакшы көңүл бөлүнүп жатканын, эми какыс айыгып кеткенче камкордук көрүлүп турса деген тилегин айтты.

Жабырланган баланын таятасы.
Жабырланган баланын таятасы.

"Бүгүн президент келди. Кечээ Министрлер кабинетинин төрагасы келген. Билим берүү министри жана саламаттык сактоо министрлери да ушул жерде жүрүшөт. Биз бир тыйын төлөгөн жокпуз. Камкордук жакшы. Аягына чейин - балдар биротоло сакайып кеткенче ушундай көңүл бурулуп турса жакшы болмок. Булардын баары жаш балдар, алардын кырсыкка учурап калганына баары эле күйүп атышат, чуркап атышат, чоң рахмат. Балдарыбыз аман-эсен сакайып чыгышын тилеп, кудайдан сурап отурабыз".

Сузактагы окуяда жалпысынан 30дан ашык бала жабыр тартып, 12си ооруканага жаткырылган.

Бул окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагында "Манас айтуу" фестивалы токтотулганын билдирди. Министр Догдуркүл Кендирбаева мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча, окуучуларды чоң мааракелерге катыштырууга тыюу салынарын "Азаттыкка" билдирген.

Бир катар жетекчилерге чара көрүлдү

Билим берүү министринин маалыматында Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын күнөөсү аныкталса, жоопко тартылат.

Сузакта балдарды автоунаа тебелеп кеткен окуяга себепкер кишилерге комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн президент Садыр Жапаров да 4-майда ооруканада жаткан балдардан кабар алганда айтты. Мамлекет башчы ата-энелер менен сүйлөшкөндө болгон окуяга өкүнүп турганын, массалык иш-чарадагы коопсуздукка кайдыгер мамиле кылгандардын иши териштирилип жатканын белгиледи.

3-майда кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Аталган комиссия Ички иштер иштер министрлигинин кызматкерлери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарганы маалым болду. Ага ылайык, иш-чара учруунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай, кырсыктын алдын албаганы үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жаза алышты. Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Андан сырткары Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилик курамына жана Сузак райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине тартиптик чаралар көрүлдү.

Кырсыкка себепкер болгон "Хундай-Портер" машинесинин айдоочусу ошол эле күнү кармалган.

Каргаша 2-майда түшкү саат 13:30 чамасында Сузак районунун аймагындагы талаада "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда болгон.

Күбөлөр "Азаттыкка" жиберген видеолордо "Портер" балдар желек көтөрүп, жоон тобу каз-катар отурган учурда ылдыйды көздөй жүрүп, бет алдындагы кишилерди коюп кеткенин көрүүгө болот. Андан кийин ал чет жакта тигилген боз үйдү тебелеп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жараат алгандар 9-16 жаштагы балдар.

Сузак: Ооруканадагы абалы оор балдар Бишкекке которулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:43 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG