Бишкектеги №31 орто мектепте 7-класстын окуучусу классташынын соккусунан улам каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелде болгон. 2011-жылы туулган өспүрүм классташ кызы менен чырлаша кетип, аны уруп жиберген. Анын кесепетинен сокку алган кыз эсине келбей каза болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын милициядан кабарлашты.
Кыргызстанда мектептеги чоңсунуу, тартип бузуу маселеси талкууланып келет. Жыл башында Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалган эле. Мындан соң Билим берүү министрлиги билим берүү жайларындагы тартипке көңүл бурулуп, окуя болгон мектептердеги жетекчилик жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралып жатканы билдирген.
Шерине