Эл аралык адам укугун коргоочу Amnesty International уюму Кыргызстанда жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартованын кармалышын сындап, муну жарандык коомго каршы репрессиянын күч алышы менен байланыштырды.
"Рита Карасартованын камакка алынышы - Кыргызстанда жарандык коомго басымдын күчөгөнүн ачыктап турат. Бул окуя анын саясатка ачык аралашканы менен гана байланыштуу көрүнөт", - деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс.
Ал кыргыз бийлигин Рита Карасартованын кармалышынын себептерин ачыктоого чакырып, анын медициналык жардам менен камсыздалып, укуктары корголууга тийиштигин белгиледи.
"Эгер ал эркин пикири үчүн гана камакка алынган болсо, аны тез арада жана эч кандай шартсыз бошотуу керек. Кыргызстанда укук коргоочулар басымдарга жана куугунтуктоолорго дуушар болбой, өздөрүнүн маанилүү вазийпасын аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга укуктуу", - деди Стразерс.
Рита Карасартова Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалып, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганын адвокат Жаныш Бараков "Азаттыкка" билдирди. Жактоочунун белгилешинче, Карасартова шектүү катары кармалып, азырынча айып тагылган жок.
Мунун алдында Карасартова Фейсбуктагы баракчасына соңку күндөрү дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна таандык деген катты жарыялаган. Укук коргоо органдары Карасартованын кармалышы боюнча комментарий бере элек. Жакындары соңку кармоо Кудайберген уулунун катын жарыялоого байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп, укук коргоочунун абалына тынчсызданып жатышат. (ZKo)
Шерине