Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:38

Черногория казакстандык укук коргоочуну экстрадициялоодон баш тартты


Динара Смаилова (Дина Тансари) Черногориянын Жогорку сотунун имаратанын алдында. 15-апрель, 2025-жыл.
Динара Смаилова (Дина Тансари) Черногориянын Жогорку сотунун имаратанын алдында. 15-апрель, 2025-жыл.

Черногориянын Жогорку соту зордук-зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөткөн казакстандык "NeMolchi.kz " фондунун жетекчиси Динара Смаилованы (Дина Тансари) экстрадициялоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган фонд өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кабарлады.

15-апрелде Черногориянын Подгорица шаарында укук коргоочуну экстрадиция кылуу боюнча соттук отурум өтүп, жыйынтыгында Дина Тансари бошотулду.

Сот жабык өттү. Ага Тансариге башпаанек алуу маселеси менен иштеп жаткан «Жарандык альянс» уюмунун өкүлдөрү катышты.

Казакстандык укук коргоочу 14-апрелде Черногорияда кармалганын билдирген. Анын айтымында, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экстрадициялоо боюнча соттук териштирүү аяктаганга чейин чейин камалган.

Казакстандын бийлиги окуяга комментарий берген эмес.

Динара Смаилова 2021-жылдан бери чет өлкөдө жашайт.

Казакстандын укук коргоо органдары ага фонддун каражаттарын кымырап алган деп айып таккан. Укук коргоочу өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Өткөн жылдын декабрь айында Усть-Каменогорск шаарынын соту Динара Смаилованы камакка алуу чечимин чыгарган. Ага коюлган берене боюнча 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин Смаиловага каршы козголгон ишти иликтөөдө укуктарды жана бейтараптуулукту камсыздоого чакырган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG