Кыргызстанда 14-апрелде абакта жазасын өтөп жаткан эки киши каза тапты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы алар узакка созулган оорудан улам каза болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчиси Ш.Т. аттуу 62 жаштагы адам. Ал 2016-жылдын 10-июнунда Баткендин Лейлек райондук сотунун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин “Аткезчилик”, “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшошторду же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү” (ред: 1997-жылдагы кодекс боюнча) беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 16 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
2025-жылдын 19-мартында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №3 абактан Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түрмөгө которулган. Мекеме кургак учук оорусунан анын эки өпкөсү тең жабыркаганын, 14-апрелде абалы кескин начарлап каза болуп калганын кабарлады. Ошондой эле ага кургак учукка каршы дары берилип турганын кошумчалады.
“Кургак учук эки тараптуу болгондуктан жана кошумча кант диабети менен жабыркагандыктан бейтаптын абалы оорлошуп 2025-жылдын 14-апрель күнү болжол менен саат 17:40 чамасында оорусунан улам каза болду”, - деп айтылат маалыматта.
Абакта каза болгон экинчи адам - 35 жаштагы Адилет Тилек уулу. Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” (ред: 1997-жылдагы кодекс боюнча) беренеси менен 18 жыл 4 айга эркинен ажыратылган. Ал 2025-жылдын 11-апрелинде Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колониядан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында жайгашкан №10 түрмөгө калган жаза мөөнөтүн өтөө үчүн которулган. Карантиндик бөлмөгө жайгаштырылып, кабыл алуу учурунда мекеменин медициналык кызматкерлерине ден соолугуна байланыштуу даттануу менен кайрылбаганы айтылды.
Адилет Тилек уулу 14-апрелде өзүн начар сезип жатканын билдирип, №10 абактын медициналык бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгер ага биринчи жардам көрсөтүп, алдын ала жүрөктүн коронардык оорусу, инфаркт диагнозу коюлган.
“Андан тышкары мекеменин дарыгери соттолгон Адилет Тилек уулун Базар-Коргон шаардык ооруканасына алып чыгуу керек экендигин билдирип, мекеменин "Тез жардам" автоунаасы менен Базар-Коргон шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал жерден көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан соттолгон Адилет Тилек уулу саат 12:05 чамасында каза болду”, - деп айтылат маалыматта.
Бул факты Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Адилет Тилек уулу 2016-жылдын январь айында Жалал-Абад шаарындагы абакта жазасын өтөп баштагандан тарта жүрөк оорусуна байланыштуу мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылып, тийиштүү дарылануусун алып турганы айтылды.
2023-жылы Жалал-Абад шаарындагы №10 түрмө Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылына көчүрүлгөн. Курулуш жана оңдоп-түзөө иштери аяктаганга чейин, №10 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар Чүйдөгү башка абактарга убактылуу которулган.
Адилет Тилек уулу Молдовановка айылындагы №27 колонияга 2023-жылдын 29-сентябрында которулган. Бай-Мундуз айылындагы түрмө салынып бүткөндүктөн ал 10-апрелде №10 жабык жайга которулган.
Адилет Тилек уулуyнун апасы Дүйшөкан Байгазиева жана жубайы Насыйкат Долодиярова ал Чүйдөгү абакта сабалганын айтып, арызданышты.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 9-апрелде Молдовановка айылындагы №27 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 42 жаран айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. Сөз болуп жаткан борбор камакта отургандардын жакындары аталган жайда кыйноо, уруп-сабоо болуп, суу бербей, тамак-аш киргизүүгө, жолугушууларга уруксат берилбей жатканын айтып кайрылышканын маалымдаган.
Жаза аткаруу кызматы мыйзамдагы талаптарды аткаруудан баш тарткан, ички тартипке баш ийбеген 42 соттолуучу 3 күндөн 15 күнгө чейин айып изоляторуна камалганын ырастап, кыйноо болгону тууралуу маалыматтарды четке каккан.
2024-жылдын соңунда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып тургандар уруп-сабалганы боюнча жакындары айтып чыккан. ЖАК бул маалыматтарды четке каккан.
Кыргызстанда буга чейин соттолгон же иши тергелип жаткан адамдар жабык жайларда каза болгон учурлар кездешкен. (BTo)
Шерине