Америка Кошмо Штаттары "Чоң жетинин" (G7) Орусиянын Сумыга болгон кандуу чабуулун айыптаган билдирүүсүн колдобой турганын айтып, буга Вашингтон менен Москванын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын негиз кылды. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы ички булактарга таянып жазды.
Агенттик АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кремль менен Ак үйдүн өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана бул учурда "сүйлөшүүлөр үчүн шарт түзүү маанилүү" экенин себеп кылганын жазды.
Bloomberg булактарына таянып "Чоң жетиге" (G7) төрагалык кылган Канада Вашингтондун колдоосу жок билдирүү кабыл алуу мүмкүн эместигин өнөктөштөрүнө билдирген.
АКШнын Лондондогу элчилиги комментарий берүүдөн баш тартты. Bloomberg Ак үй, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши жана Канада өкмөтү да журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылаган. Украина ал соккудан 35 киши каза тапканын, 100дөн ашууну ар кандай жараат алганын билдирген.
АКШ, Евробиримдик, Бириккен Улуттар Уюму орус армиясынын 13-апрелде Украинанын Сумы шаарына жасаган кандуу чабуулун кескин айыптаган.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт. (AiA)
Шерине