Соңку кезде Орусияда борборазиялык эмгек мигранттарына талап күчөп, депортация, өлкөгө киргизбөө сыяктуу ар кандай басым күчөгөнүн укук коргоочулар дагы айтышууда.
Орусиянын Ички иштер министрлиги сунуштаган бул эрежелер кыргыз мигранттарына кандай таасир этүүдө?
Кыргызстандык Максаттын (аты өзгөртүлдү) Орусиянын Екатеринбург шаарындагы мигранттарды убактылуу кармоочу жайда отурганына бир айга чукулдады. Аны полиция эмгек келишими жок болгону үчүн үйүнөн кармап кеткен экен. Жергиликтүү соттун чечимине ылайык, ал "өлкөдөн чыгып кеткенге чейин" убактылуу кармоочу жайында болууга тийиш.
"Орусияда рейддер токтой элек. Мигранттарды кысып эле, чекеден депортация кылып жатат. Бул жакта эки айдан бери жаткандар бар экен. Борбор Азиядан келген мигранттар көп. Каттоосуна байланыштуу, каттоо мөөнөтү бир күн өтүп кеткендер же насыя алганы үчүн кармалгандар бар экен. Менин документим толук болчу, бирок эмгек келишимдин түп нускасын эмес, көчүрмөсүн көрсөткөнүм үчүн кармап кетишкен. Бизде "Сахарово" борборуна караганда жакшы эле мамиле кылды. Бирок элчилик же консулдук менен байланышуу кыйын болуп жатат. Соттон такташ керек, эртең чалабыз, сыртка чыгып кетти эле деген эле шылтоолорду айта беришет экен", - дейт Максат.
Максат бир апта ичинде туулган жериме кайтам деп үмүттөнүп турат.
Соңку учурда Орусияда борборазиялык эмгек мигранттарына талап катуулап, депортация, өлкөгө киргизбөө, куугунтукка алуу жана ар кандай басым жасаган учурлар көбөйгөнүн укук коргоочулар дагы айтышууда. Бул абал быйыл мартта “Крокус Сити Холл” борборундагы кол салуудан кийин дагы оорлогон. Бул окуядан кийин жүздөгөн мигранттар депортация болуп, айрымдары аэропорттон Орусияга киргизилбей артка кайтарылган.
Орусияда бир топ жыл иштеп жүрүп Кыргызстанга кайтып келген ишкер Акжол Келгенбаев Орусиянын экономикасындагы мигранттардын ордун белгиледи.
"Экономикалык көз караш менен алганда, бул өлкөгө минус болот. Ырас, азыр коопсуздук маселеси биирнчи орунда турат. Бирок мигранттардын жапырт чыгып кетиши өлкөгө таасирин тийгизет. Анткени тейлөө тармагында, кара жумуштарда негизинен эле мигранттар иштейт. Алар үчүн деле мигранттар менен иштешүү оңой. Анткени ийкемдүү, ишемби-жекшембини карабай иштей беришет. Өз жарандары кечки саат бештен кийин иштебейт, дем алыш күндөрү танк жиберсең дагы жумушка чыкпайт. Бирок азыр "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин дагы коопсуздук алдыга чыгып жатат. Бизге, тескерисинче, мигранттардын кайтып келгени жакшы. Жумушчулар көбөйөт. Кыргызстандагы ишкерлер үчүн деле сыртта иштеп келгендер менен иштешүү оңой. Анткени алар ар кандай шартта иштеп, көнүп калышкан".
Москвадагы дагы бир кыргызстандык ишкер Самат (аты өзгөртүлдү) Орусия жумушсуздукту жоюу максатында өлкөдөн чыгарылган миганттардын ордуна аймактагы жергиликтүү тургундарды жумушка тартуу аракети болушу ыктымал деп эсептейт. Ушу тапта Орусияда чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же чек ара кызматы кабыл алат.
Юрист Эрлан Токтосунов соңку убакта Орусияда мигранттарды басмырлаган маанай күч алганын белгиледи:
"Негизи, мындай сунуштар мурда деле көтөрүлгөн. Мисалы, таксиде иштөө үчүн жергиликтүү тургандары чыдабайт. Андан пайда алыш үчүн жок дегенде 11-12 саат иштеш керек. Жергиликтүү калк антип иштебейт. Орус бийлиги улутчул маанайдагы "коом" деп түзүлүп, мигранттарды басмырлоого жол берген көрүнүштөр болууда".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыктын” суроолоруна кат түрүндө жооп берип, 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан өз мекенине депортация болгонун билдирген. Былтыр бир жылда 13025 кыргызстандык Орусиядан чыгарылган.
ТИМдин маалыматында чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден ашууну Орусияда. Буга чейин өкмөт миграциядан кайтып келгендер көбөйгөнүн, чет жакта иштегендердин саны соңку эки жылда 300 миңдей кишиге азайганын белгилеген.
"Багажыбызды да бербей коюшту"
Июлдун башында Москвага Бохтар шаарынан учуп барган ондогон тажикстандык мигрант "Шереметьево" аэропортунда беш күн кармалган. Алар "Озоди" радиосуна Москвага 3-июлда учуп барышканын, бирок чек арачылар өткөрбөй койгонун айтып беришкен.
"Жүгүбүздү да бербей коюшту, ичинде нан жана бир аз тамак-ашыбыз бар эле. Аэропорттон суу менен шоколад батондорун кымбатына карабай сатып алууга мажбур болдук. Жалпысынан 200 чакты киши учуп барган, ошолордун арасынан Тажикстандын жарандарын гана киргизбей коюшту", - деген "Озодинин" маектеши.
8-июлда артка кайткан мигранттарга орус чек арачылары өлкөгө эмнеге киргизбей койгонун түшүндүргөн да эмес.
Бохтар аэропортунун жетекчилиги "Озодиге" Орусиядан депортация болгон 59 кишини учуп келгенин ырастады.
Ушундай эле көрүнүш учурда Москванын "Внуково" аэропортунда да катталган. Укук коргоочу Каримжон Ёров 7-июлда аэропорттон видео жарялап, күтүү залында кеминде 300дөй тажикстандык кармалып турганын, алар Москвага киргизилеби же жокпу белгисиз экенин айткан.
"Биз "Внуково" аэропортунда турабыз. "ЮТэйр" компаниясынын учагы менен саат 9да учуп келдик. Баарын артка кайтарып атышат. Жигиттердин баары депортациялады. Баарыбызды бул жерге алып келишти, абалыбызды сураган эч ким жок. Суу алалы десек да уруксат берилбейт", - дейт тажикстандык укук коргоочу.
Казак-орус чек арасындагы кезек
9-июндан бери Казакстан менен Орусиянын чек арасындагы "Озинки" өткөрмө пунктунда тажикстандыктар бараткан ондогон автоунаалар кармалып турганы утур-утур айтылып келет. Жолдо кезекте турган мигранттар 8-июлда "Озоди" радиосуна видео жөнөтүшкөн. Алар абал оңоло электигин белгилешет.
"Кезекте 60-70 унаа турат. Алар 10-12 саатта араң өтөт. Текшерүү өтө жай", - дейт тажикстандык жүргүнчү.
Казак-орус чек арасында кезекте тургандардын саны миңге чукулдап калганын ай башында Саратов облусунун мусулмандар диний башкармалыгынын сайты да жазды.
Анда "Озинки" өткөрмө бекетинде жайгашкан мечиттин имамы Саид Каримов текшерүү күчөтүлгөнүнө байланыштуу кезекте тургандардын саны кескин көбөйгөнүн айткан.
"Элдин тамак-ашы түгөндү. Алар бир нече күн суусуз, тамаксыз калышты", - деп айтылат маалыматта.
Облус тургундары бир маал мечитте тамак-аш уюштуруп, чек арада тургандарга таратканы да кабарланды.
Белгилей кетсек, тажикстандык мигранттар кезекте турган аймак нейтралдуу зона. Ал жерде дүкөн же шарты бар жайлар курулган эмес.
Быйыл 26-апрелде Орусияга Казакстан аркылуу бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай жатканы кабарланган.
Быйыл жазында Москвада "Крокус Сити Холл" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган терактка байланыштуу кармалгандардын көбүнүн теги тажикстандык экени аныкталган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова террордук коркунучка байланыштуу орус-казак чек арасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айткан.
Ошондон бери тажик жарандарынын Орусияга кирүүсү кыйындады. Май айында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги элин азырынча Орусияга барбай кое турууга чакырган. Учуп барып, бирок кайра мекенине кайтарылгандар буга чейин да болгон.
Мигранттарды чектеген мыйзамга кандай өзгөтүүлөр кирет?
Учурда Орусияда чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруучу мыйзамдарды катаалдаштыруу сунушталууда.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кабарлашынча, бир жылда чет элдик жарандар аралашкан 235 миңдей административдик тартип бузуу катталган.
Мындан улам министрлик Административдик тартип бузуулар жөнүндөгү кодекске чет элдиктерди "кайсы бир мыйзамдарды бузду" деген негизде өлкөдөн чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган кеминде 20 беренени киргизүүнү сунуштады.
Беренелер коомдук тартип, коопсуздук, анын ичинен экстремизмге каршы күрөш жаатындагы укуктарды коргоого багытталган.
Административдик жазалоонун мыйзам бузууну алдын алуу функциясын күчөтүү максатында, ИИМ белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзамга миграция эрежелерин бузган адамдарга салынуучу айыппулду көбөйтүү нормаларын да киргизүү каралууда.
"Интерфакс" маалымат агенттигинин жазышынча, Орусиянын ИИМи мыйзамдагы өзгөртүүлөр чет элдик жарандарды өлкөдөн мажбурлап чыгарууну тездетүүгө мүмкүнчүлүк бере турганын белгилеген.
Мамлекеттик Думанын төмөнкү палатасынын спикери Вячеслав Володин 9-июлда аталган сунуш колдоо табарын жазды.
"Миграция мыйзамдарын өнүктүрүү биз үчүн приоритеттүү маселе болуп саналат. Биз өкмөттүн, министрликтердин жана ведомстволордун бул жааттагы көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө берген сунуштарын карап чыгабыз", - деп жазды Володин Телеграм-каналына.
Июнь айында Мамлекеттик Дума мигранттарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документте чет элдиктердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуунун себептеринин тизмеси кеңейтилген. Ага ылайык, чек арадан өтүүдө чет өлкөлүктөр бармак изин тапшырып, сүрөткө түшүшү керек болот. Орусияда жүрүү режими эки эсеге кыскартылып, башка өлкөлөрдүн жарандары эми жылына 90 күндөн ашык жүрө албайт.
Мындан тышкары, көзөмөлгө алынган жарандардын реестри түзүлүп, "депортация режими" түшүнүгү киргизилери каралган. Бул реестрге Орусияда каттоо мөөнөтү бүткөн чет элдиктер кирет. Ага "илинген" мигранттар жашаган жерин алмаштыра албайт, аймактан тышкары чыга албайт, автоунаа айдай албайт, мүлк ала албайт, жада калса үйлөнө албайт. Милиция кызматкерлери алар тууралуу маалыматты, анын ичинде банктык, салыктык жана коммерциялык сырларды оңой ала алышат.
Укук коргоочулар аталган мыйзам долбоору Орусиядагы мигранттардын укугун чектерин айтып келишет.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Орусиянын Камчатка крайы, Новосибирск баш болгон онго чукул облусунда мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынган.
Мындан сырткары алар дүкөндөрдө сатуучу, айдоочу болуп да иштей албасын белгилеген облус жетекчилери бул чечимин коопсуздукка байланыштырган. Жаңы эрежеге ылайык, ушундай кызматтарда патент менен иштеген чет элдиктер эки ай ичинде жумуштан кетүүгө тийиш экени айтылган.