Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

"Жылына 20% көтөрүлөт". Электр тарифин өзгөртүү сунушу


Архив.
Архив.

Энергетика министрлиги 1-майдан тартып электр энергиясынын баасы өсө турганын билдирди. Муну ал электр кубатынын сатуудагы баасын өздүк наркына теңөө үчүн жасалып жаткан чара деп түшүндүрүүдө.

Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки программанын алкагында тарифти жыл сайын 20% көтөрүп туруу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Энергетика тармагы өзүн өзү каржылаган деңгээлге чыгышы керек деп өкмөттүн бул аракетин кубаттагандар да, ансыз деле кымбатчылык болуп жатканда калктын абалын эске алуу зарылдыгын белгилегендер да бар.

1-майдан тартып калк үчүн электр энергиясынын баасы киловатт саатына 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга көтөрүлөт. Эгер керектөө 700 киловаттан ашса, анда 2 сом 39 тыйындан 2 сом 60 тыйынга көбөйөт. Мектептер, бала бакчалар, мечиттер жана башка социалдык объектилер үчүн баа да 40 тыйынга кымбаттап, 2 сом 62 тыйын болот.

Мындан тышкары керектөөчүлөрдүн категориясы 14төн жетиге азайган.

Өкмөт тарифти өзгөртүү менен энергетика тармагы өзүн өзү каржылай турган деңгээлге чыгарууну көздөп жатат. Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин Мониторинг жана комплекстүү талдоо бөлүмүнүн башчысы Бектеналы Эгемберди уулу:

“2024-жылы энергетика тармагындагы акча каражатынын тартыштыгы 8,1 миллиард сомду түзгөн. Ошону жабуу үчүн биз республикалык бюджеттен 8,9 миллиард сом насыя алганбыз. Бул эмне дегенди билдирет? Бүгүнкү күндө биз сатып жаткан электр энергиясы аны өндүрүүгө кеткен чыгымды жаппай жатат дегенди көрсөтөт. Ошонун негизинде ар бир абонентибизге электр энергияны үзгүлтүксүз берүү үчүн ушундай кадамга барып жатабыз".

"Беш жыл бою 20% кымбаттап турат"

Министрликтин эсебинде, акыркы он жылда Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 3,6 миллиард киловаттка өскөн. Тарифтер өзгөрбөй келгендиктен электр кубаты өздүк наркынан арзан сатылып турган. 2024-жылы 1 киловатт саат энергияны өндүрүү 2 сом 72 тыйынды түзсө, орточо тариф 2 сом 11 тыйын болгон. Министрлик баанын айырмасынан чыккан карызды мамлекеттик субсидия менен жаап келишкенин билдирди.

Мындан тышкары Министрлер кабинети электр энергиясынын тарифин 2026-жылдан тарта 2030-жылга чейин ар жылы 20% көтөрүп турууну сунуштап жатат. Бул тууралуу токтомдун долбоору коомдук талкууда турат. Анда жарыкты өндүрүүнүн баасы сатуудагы наркынан төмөн болуп жатышы, энергетикалык жабдыктардын жана башка каражаттардын сырттан импорттолушу энергетикалык сектордун карызын улам көбөйтүп жатканы белгиленген.

“Жаңы орто мөөнөттүү тариф саясатында жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр орто мөөнөттүү келечекте энергетика секторундагы акча каражаттарынын тартыштыгын болтурбоого, республикалык бюджетке көз каранды болбоого ыңгайлашат. Ошондой эле энергетика тармагын жана бүтүндөй республиканын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө болууга шарт түзөт. Мындан тышкары, электр энергиясынын адамдын жашоо-турмушундагы маанилүүлүгүн эске алуу менен орто мөөнөттүү тариф саясатын өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.

"Электр энергиясы өзүн акташы керек"

Бул токтом кабыл алынса, калк үчүн тариф беш жылда дээрлик эки эсе өсөт. Электр энергиясынын баасын көтөрүп, бул тармак өзүн өзү каржылай турган абалга алып келүү демилгеси утур көтөрүлүп келген. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 14-январдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифти өзгөртүү боюнча өкмөттүн максатын жарыялаган. Министр 2030-жылдан кийин энергетика тармагындагы дефицит жоюлуп, пайда таба баштай турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев мындай чара аргасыз чечим экенин айтууда:

“Электр энергиясы өзүн акташы керек. Анын үстүнө бүгүнкү күнү энергетикага салынып жаткан салым да көп, ГЭСтер, чакан ГЭСтер салынып жатат. Анын да өзүнүн тарифи болушу керек. Мен бааны көтөрүүнү туура көрөм. Элде да кымбаттатып жатат деген туура эмес түшүнүк болуп жатат. Биз аны жыргаганыбыздан көтөрүп жаткан жерибиз жок. Бул боюнча мамлекеттик ишкана өз алдынча иштеп кетсин, толук өзүн камсыздасын деген максат менен кетип жатабыз”.

Депутат Замирбек Мамасадыков мындайда кымбатчылыкты, инфляцияны да эске алуу зарылдыгын белгилеп, калкка кыйынчылык жаралбай тургандай өзгөрүү болушу керек деген пикирин айтты:

“Биз өзүбүз суунун башы болсок, тарифти Казакстанга же башка өлкөгө теңеп коёбуз дегени да туура эмес. Элге оорчулук түшпөгүдөй кылышыбыз керек. Бул багытта калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсө болбойт”.

"Тарифти көтөрүү маселени чечпейт"

Кыргыз өкмөтү энергетика тармагына 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Бул аралыкта электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу дымагы бар экенин билдирген. Бул үчүн өлкөдө жүздөн ашуун чакан гидроэлектр станцияларын жана Күн менен шамалдан энергия алган станцияларды куруу пландалып жатканы кабарланган. Өкмөт энергетикалык инфраструктураны жакшыртып, бул тармак каржылык жактан өзүн өзү жаап, пайда көрө турган деңгээлге чыгарын убада кылууда.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков каржылык тартыштык тарифти өзгөртүү менен чечилбейт деген пикирин билдирди:

“Энергетиктердин маянасы, бири-бирин кайталаган мекеме-бөлүмдөрдүн чыгымдары тарифке кирип жатпайбы. Ошол үчүн башкармалыкты Совет мезгилиндегидей бир эле мекеме кылып түзүп, натыйжалуу башкаруу керек. Антпесе чыгаша көбөйтүп, элдин эсебинен жаап жатышат. Ушундай идеологиядан кетишибиз керек. Бул жыйынтык бербейт”.

Былтыр президент Садыр Жапаров энергетика тармагынын 90 жылдыгына арналган иш-чарада бул тармакта соңку жылдары көптөгөн долбоорлор ишке ашып, анын ичинде ГЭСтерди модернизациялоо жана реабилитациялоо жүрүп, ошондой эле электр энергиясын эсепке алуунун заманбап технологиялары киргизилип жатканын билдирген.

“Көп жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик энергетикалык компаниялардын насыялык карызы жоюлуп, каржылык туруктуулугу күчөтүлүп жатат, - деп белгилеген мамлекет башчы.

Расмий маалыматка караганда, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат.

Шерине

XS
SM
MD
LG