Мьянманын бийлиги 28-марттагы магнитудасы 7,7ге жана 6,4кө жеткен катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны кеминде 1002 кишиге жеткенин, 2376 киши жабыркаганын билдирди. Бул тууралуу 29-мартта Би-Би-Си AFP маалымат агенттигине таянып жазып, куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.
AFP агенттиги каза болгондор жана жабыр тарткандар тууралуу Мьянмадагы аскердик өкмөткө таянып жазды. Куткаруучулар табигый кырсыктын курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин белгилөөдө.
Мьянманын ири шаарларынын бири Мандалайдагы куткаруу кызматынын өкүлү “жоготуулар абдан көп” экенин Би-Би-Сиге билдирди. Кайталанган жер титирөөлөргө карабастан куткаруу иштери түнү менен жүрдү.
АКШдагы геологиялык кызматтын (USGS) маалыматына караганда, жума күнү катуурак болгон биринчи жер титирөө 10 чакырым тереңдикте Мьянманын борбордук бөлүгүндө болжол менен саат 12:50дө катталган. Экинчи жолу 12 мүнөттөн кийин кайталанган.
Жер титирөөнүн очогу Сикайн шаарынан түндүк-батыш тарапта экени кабарланды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Мьянмада олуттуу кыйроолор болгонун кабарлады. Тактап айтканда, Сикайн менен Ава шаарын байланыштырып турган Иравади дарыясынын үстүндөгү көпүрө кыйрады.
Таиланддын борбору Бангкокто да кыйроолор катталды. Эпицентрден 1400 чакырым алыс турган бул шаарда да зилзала катуу сезилген. Таиланддын бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялады.
Маалымат агенттиктери жер титирөө Бангладеште, Индияда, Лаосто жана Кытайда да сезилгенин жазышты.
Шерине