Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Алиясов: Цехке иштегени келген чет өлкөлүк курьер боло албайт


Арлен Алиясов
Арлен Алиясов

Министрлер кабинети 2024-жылга карата чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитти. Бул былтыркыдан дээрлик 10 миңге көп. Квотаны көбөйтүүгө Кыргызстанда жумушчу күчү жетишсиздиги себеп болду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов "Азаттыкка" маек куруп, чет өлкөлүк эмгек мигранттары, алардын мыйзамдуу иштөөсүнүн жол-жобосу жана башка маалыматтар менен бөлүштү.

- Арлен мырза, бүгүнкү күндө Кыргызстанда чет өлкөлүк канча жаранга жумуш иштөөгө уруксат берилген?

- Чет өлкөдөн Кыргызстанга түрдүү себептер менен келген жарандар көп. Арасында туристтер, студенттер, дарылануу, туугандары менен көрүшүү жана башка максатта келгендер бар. 2024-жылы жумуш үчүн келген 7706 чет элдик жаранга иштөөгө уруксат кагазы берилди. Быйылкы жылга чет өлкөлүк жарандарга берилген эмгек квотасынын жалпы саны 25 миң. Муну Министрлер кабинети бекитип берген. Былтыр 16 миңдин тегерегинде берилген. Сырттан келген жумушчулардын басымдуу бөлүгү - Кытайдан келгендер. Учурда 3 миңден ашуун кытайлык мигрант иштейт. Андан кийинки орундарда Пакистан, Бангладеш, Индия, Өзбекстан, Түркия турат.

- Жыл сайын көбөйүп жаткан турбайбы?

- Ооба, жыл сайын чет өлкөлүк жумушчу күчүнө муктаждык өсүп жатат. Быйыл эмне үчүн 25 миң орун бөлүндү? Анткени көрүп жатасыздар, чоң-чоң долбоорлор ишке кирип, курулуштар жүрүп жатат. Мисалы, эки чоң стадион заманбап стилде курулат. Ороктогу "Мурас" стадиону, Совет көчөсүнө дагы бир стадион түшөт. Андай курулушту жергиликтүү жумушчулар кура албайт деген негизде быйыл чет өлкөлүк адистерге эмгек квотасын көбөйттүк. Жогоруда айтып кеткенимдей, учурда быйылкыга берилген 25 миң квотанын 7706сы гана ээленди. Калганы бош. Жыл аягына чейин бул орундар да толот. Анткени былтыр келген чет элдик жумушчулар келишим мөөнөтүн узартышат.


- Кыргызстанга сырттан жумушчулар тигүү тармагына, курулуш, жол салуу тармагына келери көп айтылат. Бирок байкап жүрөбүз, учурда "Тез жеткирүү" же курьерлик кызматта иштеген түштүказиялык жарандар көбөйдү. Бул тармакка да иштөөгө уруксат сурап кайрылган ишкерлер барбы?

- Туура байкагансыз. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине "Тез жеткирүү" кызматына чет элдик жарандарды тартуу тууралуу иш берүүчүлөрдөн уруксат кагазын алууга арыз-кайрылуу түшкөн эмес.

Жакында эле баарыңыздарга белгилүү болгондой, 18-июнда чет өлкөлүк жарандар менен жергиликтүү жаштар ортосунда кагылыш катталган. Ошондон кийин Ички иштер министрлиги биздин министрлик менен чогуу "Нелегал" (Мыйзамсыз) деген аталышта рейд жүргүздү. Ошонун жыйынтыгында курьерлик менен уруксат кагазы жок, мыйзамсыз иштеген чет өлкөлүк жарандар бар экени ырасталды. "Тез жеткирүү" кызматында иштеген чет өлкөлүк жарандар рейд учурунда кармалган, алардын көпчүлүгү бул жакта окуган студенттер болуп чыкты.

- Студенттик виза аларга иштөөгө уруксат береби?

- Жок. Алардын студенттик визасы чет өлкөлүктөргө иштөөгө уруксат бербейт. Алар студент катары келген соң, окуп гана жүрүшү керек. Туристтик виза алгандар турист катары, дарыланганы келгендер дарыланып гана кетиши керек. Ошондуктан, биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамсыз иштеп жатканын айтып жатабыз. Алар негизинен "Глово" компаниясында иштешет экен, биз бул компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыйзам бузбашын эскерттик.

Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү визанын 19 түрү бар. Иштегени келгендерге W визасы берилет.


- Кыргызстанга иштегени келгендерге коюлуучу кандай талаптар бар? Мисалы, жол курганы же кийим тиккени келип, курьер болуп же такыр башка ишке иштеп кетүүгө мыйзам жол береби? Муну сураганым, жакында цех иштеткен ишкер Бангладештен атайын келишим менен алып келген тигүүчүлөр "500 доллар айлык аз" деп кетип калганын айтып чыкты. Бир нече күндөн кийин шаардан бирөөсү курьерлик кылып жүргөнүн көрүптүр. Курьерлик кылса көбүрөөк акча табат экенбиз деп же башка себептер менен жумушун өзгөртө алышабы?

- Жок. Дагы бир жолу айтам жок. Мыйзам жол бербейт. Кыргызстанга чет жактан жумушчу алып келип, иштетем деген ишкер Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылып, квота алат. Чет өлкөлүк жаранды иштетүүгө уруксат алып, анын негизинде Тышкы иштер министрлигинен эки айлык жумушчу виза алынат. Чет өлкөлүк жаран ошол эки айлык визанын негизинде Кыргызстанга келип, медициналык кароодон өтүп, мамлекеттик төлөм төлөп, иштөөгө уруксат кагазын алат. Ошондон кийин анын жумушчу визасы бир жылга узартылат. Мамлекеттик төлөмдүн өлчөмү 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин.

Ал эми чет өлкөлүк жаранга Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилген кагазда аны ким, кайсы фирма жана иш берүүчү чакырганы, чакырылган чет элдик жаран кандай иште иштей турганы толук жазылат. Биздин мыйзамдар боюнча, сырттан келген адам иштөөгө уруксат кагазында кандай жумуш жазылып, ким чакырган болсо, ошонун гана ишканасында, өзүнө тагылган ишти иштөөгө милдеттүү. Эгер, сиз айткандай, иши жакпай же айлыгы аз деп, башка ишке киргиси келсе, Кыргызстандан чыгып кетип, кайра өзү каалаган ишке чакыруучулар аркылуу келсе болот.


- Аларды чакырган тараптын да жоопкерчилиги барбы? Мисалы, бир ишкер цехине чакыруу аркылуу сырттан жумушчу алып келип иштетип жатканда, ал иши жакпай же акысы аз экен деп кетип калып, кокус кылмыш кылса же бир жамандыкка кабылса... Аны алып келген иш берүүчүнүң жоопкерчилиги кандай болот?

- Албетте, чет элдик жаранды иштеткени чакырып, өлкөгө алып келген иш берүүчү жоопкер болот. Чет өлкөлүк жаран ал ишкерден кетип калган болсо да жоопкерчилик тартат. Анткени, талап боюнча сырттан чакырып келген жумушчусу иш жакпай же айлык акысына нааразы болуп же дагы башка себептер менен кетип калса, иш берүүчү бул тууралуу биздин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине арыз берип, ал чет элдик жарандын Кыргызстанда эмгек иштөөсүнө уруксатын жокко чыгаруусун сурайт. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигине да маалымат бериши абзел. Биз ал арыздын негизинде чет элдик жарандын жумуш иштөөгө уруксатын жокко чыгарабыз да, ал тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигине беребиз. Милиция аларды кармап, Тышкы иштер министрлиги аркылуу мекенине депортациялайт.

Чет элдик жаран Кыргызстандын аймагында жүргөндө мыйзамдарды бузбашына чакырган тарап жоопкер болот. Иш берүүчү сырттан жумушчуларды алып келүү үчүн чакыруу жиберип жатканда эле" ал үчүн толук жоопкерчиликти мойнума алам" деп жазып берет.

Ошондуктан, сырттан чакырып алып келген жумушчулары кандайдыр бир себептер менен кетип калган ишкерлер тез арада, токтоосуз түрдө бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине кайрылып, маалымат берүүгө милдеттүү.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG